Бишкек шаары2009-жылдын 30-июлу КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯСЫНЫН АТЫНАН КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТУНУН ЧЕЧИМИ 2009-жылдын 23-июлунда өткөрүлгөн Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоонун конституциялуулугу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту: Төрагасы С.К.Сыдыкова,Төраганын орун басары А.А.Суталинов, судьялар - А.А.Абдугапаров,С.Н.Демин, А.С.Кененсариев, Ч.Дж.Курбанова, О.Ж.Мамыров, Ч.А.Мусабековажана К.Э.Эсенкановдун курамында, соттук жыйналыштын катчысы Ж.Д.Кулушевдин, Кыргыз РеспубликасынынШайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасыДамир Владимирович Лисовскийдин, 29-июль 2009-жылдагы ишеним каттын не-гизинде аракеттенген Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумөткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Любовь Геннадьевна Шереш-кованын жана 29-июль 2009-жылдагы ишеним каттын негизинде аракеттенгенКыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Курманбек Салиевич Ба-киевдин өкүлү - Ульяна Юрьевна Пактын катышуулары менен Кыргыз Респуб-ликасынын Конституциясынын 85-беренесинин 3-пунктунун 3-пунктчасыныннегизинде, "Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө" Мыйзам-дын 13-беренесинин 3-пунктунун 1-бөлүгүн жана "Кыргыз Республикасынынконституциялык сот өндүрүшү жөнүндө" Мыйзамдын 11-беренесинин 3-пунктунжетекчиликке алып, ачык соттук жыйналышта 2009-жылдын 23-июлундаөткөрүлгөн Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоонун конституциялуу-лугун карады. Судья К.Э.Эсенкановдун баяндамасын, Кыргыз Республикасынын Шайлоожана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Д.В.Ли-совскийдин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюн-ча борбордук комиссиясынын өкүлү Л.Г.Шерешкованын жана Кыргыз Республи-касынын Президенттигине талапкер К.С.Бакиевдин өкүлү У.Ю.Пактынсөздөрүн угуп жана берилген материалдарды изилдеп чыгып, Кыргыз Респуб-ликасынын Конституциялык соту тапты: Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна 2009-жылдын 27-июлун-да Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбор-дук комиссиясынын "2009-жылдын 23-июлунда өткөрүлгөн Кыргыз Республика-сынын Президентин шайлоонун натыйжаларын аныктоо жөнүндө" 2009-жылдын27-июлундагы токтому келип түшкөн. Бул токтом менен, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумөткөрүү боюнча борбордук комиссиясы "Кыргыз Республикасынын Президентиншайлоонун натыйжалары жөнүндө" 2009-жылдын 27-июлундагы протоколду бе-китип, 2009-жылдын 23-июлундагы Кыргыз Республикасынын Президентин шай-лоо өткөрүлдү деп таап, добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын 76,43%добушун алган Курманбек Салиевич Бакиев Кыргыз Республикасынын Прези-денти болуп шайланды деп аныктаган. Соттук жыйналышта Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумөткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Д.В.Лисовский жана Кыр-гыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук ко-миссиясынын өкүлү Л.Г.Шерешкова 2009-жылдын 23-июлундагы Кыргыз Респуб-ликасынын Президентин шайлоону Конституцияга ылайык деп табууну сураш-ты. Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер К.С.Бакиевдинөкүлү У.Ю.Пак 2009-жылдын 23-июлунда өткөрүлгөн Кыргыз РеспубликасынынПрезидентин шайлоосун анын натыйжасында Курманбек Салиевич Бакиев Кыр-гыз Республикасынын Президенти болуп шайлангандыгын Конституцияга ыла-йык деп табууну сурады. Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту, берилген материалдардыизилдеп чыгып жана соттук жыйналыштын катышуучуларынын жүйөөлөрүн тал-куулап, 2009-жылдын 23-июлунда өткөрүлгөн Кыргыз Республикасынын Прези-дентин шайлоо төмөнкү негиздер боюнча Конституцияга ылайыктуу деп эсеп-тейт. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 58-беренесинин 1-пунктунун7-пунктчасына ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши 2009-жылдын20-марттындагы токтому менен Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо-ну 2009-жылдын 23-июлуна дайындаган. 2009-жылдын 23-июлунда өткөрүлгөн шайлоого, Кыргыз РеспубликасынынКонституциясынын 44-беренесинин жашы боюнча ценз, мамлекеттик тилдибилүү жана жашоо ценз боюнча талаптарына туура келген, Кыргыз Республи-касынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы та-рабынан катталган алты талапкер катышкан. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча бор-бордук комиссиясы берген материалдарга караганда, добуш берүү тизмесине2939413 шайлоочу киргизилген. 2009-жылдын 23-июлунда добуш берүүгө2328069 шайлоочу же шайлоочулардын 79,13% катышкан, бул өзү Кыргыз Рес-публикасынын Президентин шайлоо өткөрүлдү деп эсептөөгө негиз берет,анткени Кыргыз Республикасындагы шайлоолор жөнүндө Кыргыз Республикасы-нын Кодексинин 65-беренесинин 3-пунктунун талаптарына ылайык, ага добушберүү тизмесине киргизилген шайлоочулардын элүү пайызынан ашыгы катыш-кан. Шайлоого катышкан 2328069 шайлоочулар Кыргыз Республикасынын Пре-зиденттигине талапкерлерге төмөндөгүдөй добуш беришкен: Атамбаев Алмазбек Шаршеновичке - 195291 же 8.39%; Бакиев Курманбек Салиевичке - 1779417 же 76.43%; Мотуев Нурлан Аманкановичке - 21754 же 0.93%; Назаралиев Женишбек Болсунбековичке - 19198 же 0.82%; Сариев Темир Аргенбаевичке - 149658 же 6.43%; Уметалиева Токтайым Джумаковнага - 25096 же 1.08%. Бул маалыматтардын жана шайлоонун биринчи турунда шайлоого катыш-кан бардык шайлоочулардын жарымынан көбүнүн добушун алган талапкер Кыр-гыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна шайланды деп эсептелетдеген Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз РеспубликасынынКодексинин 65-беренесинин 3-пунктунун талаптарынын негизинде, КыргызРеспубликасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комис-сиясы 2009-жылдын 27-июлундагы токтому менен облустук, Бишкек, Ош шаар-дык шайлоо комиссияларынын жана республиканын чегинен сырткары түзүлгөнучасткалык комиссияларынын протоколдорунун негизинде өзүнүн протоколунбекиткен, 2009-жылдын 23-июлундагы Кыргыз Республикасынын Президентиншайлоо болуп өттү жана шайлоого катышкан шайлоочулардын 76,43% добушуналган Курманбек Салиевич Бакиев Кыргыз Республикасынын Президентининкызмат ордуна шайланды деп чечкен. 2009-жылдын 23-июлундагы өткөрүлгөн Кыргыз Республикасынын Прези-дентин шайлоого байланышкан талаштар боюнча, жергиликтүү соттор жанаКыргыз Республикасынын Жогорку соту тарабынан каралган соттук иштержөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун маалыматына ылайык: - Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнчаборбордук комиссиясынын, участкалык шайлоо комиссияларынын аракеттеринежана шайлоонун натыйжаларын эки участок боюнча жараксыз деп табуужөнүндө Бишкек шаары боюнча 20 арыз каралган; алар канааттандырылуусузкалтырылган же кабыл алуудан баш тартылган; - Чүй облусу боюнча бир арыз түшкөн, бирок арыз ээсинин өтүнүчүбоюнча кароосуз кайтарылып берилген; - Ош облусунда 4 шайлоо участкасы боюнча шайлоону жараксыз деп та-буу жөнүндө 3 арыз түшкөн, бир арыз берүүчүнүн өтүнүчү боюнча кароосузкайтарылып берилген, ал эми 2 арызды кабыл алуудан баш тартылган; - Жалал-Абад облусу боюнча райондук шайлоо комиссиясынын курамынбекитүү жөнүндө райондук шайлоо комиссиясынын чечимин жокко чыгаруужөнүндө бир арыз түшкөн, ал канааттандыруусуз калтырылган; - Баткен облусу боюнча облустук шайлоо комиссиясынын курамына кир-гизүү жөнүндө жана мөөнөтүнөн мурда добуш берүүнү жүргүзүүдөгү шайлоокомиссиялары кетирген бузуулар жөнүндө 4 арыз түшкөн, алар боюнча каро-ого кабыл алуудан, же канааттандыруудан баш тартылган; - Ысык-Көл, Талас жана Нарын облустары боюнча, шайлоо процессининкатышуучуларынын чечимдерине же аракеттерине (аракетсиздигине) даттануубоюнча сотторго арыздар келип түшкөн эмес. Райондук (шаардык) соттордуншайлоо иштери боюнча каралган 13 чечими көзөмөл иретинде даттанылганжана аларды кароонун натыйжаларында 10 иш боюнча соттук актылар күчүндөкалтырылган 3 иш боюнча соттук актылар иш боюнча өндүрүштү кыскартууменен бузулган. Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун маалыматына ылайык Кыр-гыз Республикасынын Президенттик кызматына талапкерлерден жана алардынишенимдүү адамдарынан түшкөн арыздар боюнча, ошондой эле Кыргыз Респуб-ликасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынынкайрылуулары боюнча тийиштүү түшүндүрмөлөр берилген, прокурордук чаракөрүү актылары кабыл алынган, айрым адамдарга карата 3 кылмыш иши коз-голгон. Шайлоочуларды шайлоо участкаларына унаа каражаттары менен жет-кизүү, добуш берүүгө байкоо жүргүзүүгө тоскоолдук кылуу, жарандардыншайлоо укуктарын ишке ашыруусуна тоскоолдук кылуу, шайлоочулардын тиз-месиндеги таксыздыктар, кошумча тизмелерди түзүүдөгү каталыктаржөнүндөгү арыздар Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүүбоюнча борбордук комиссиясы жана аймактык шайлоо комиссиялары тарабынанөз убагында каралган. Жалпы республика боюнча, Кыргыз РеспубликасынынШайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын токтомдо-ру менен 5 шайлоо участкалары боюнча: Аламүдүн районунун Чоњ-Таш айы-лында жайгашкан N 197; Талас облусундагы Бакай-Ата районунда жайгашканN 71; Бишкек шаарында жайгашкан N 1130, 1141; Чүй облусунун Токмок шаа-рында жайгашкан N 234-шайлоонун натыйжалары жараксыз деп табылган. Булшайлоо участкаларында добуш берүүгө 5884 жаран катышкан. Шайлоо процессинин жүрүшүндөгү көрсөтүлгөн бузуулар добуш берүүнүнжыйынтыгын жана Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоонун жыйынтыгынаныктоого жалпысынан таасир кылган жок. Бул ишти Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда кароодоКыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлерден, алардын ишеним-дүү адамдарынан жана байкоочулардан Кыргыз Республикасынын Президентине2009-жылдын 23-июлундагы шайлоонун жүрүшүндө Кыргыз РеспубликасынынКонституциясынын талаптарын бузулгандыгына арыздар келип түшкөн жок. Көрсөтүлгөн жагдайларда, Кыргыз Республикасынын Конституциялык со-ту, 2009-жылдын 23-июлунда өткөрүлгөн Кыргыз Республикасынын Президен-тин шайлоо болуп өттү жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын44-беренесинин талаптарына ылайык келет, Бакиев Курманбек Салиевич Кыр-гыз Республикасынын Президенти болуп шайлануусу Конституцияга ылайык,ал эми "2009-жылдын 23-июлундагы Кыргыз Республикасынын Президентиншайлоонун натыйжаларын аныктоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Шайлоожана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2009-жылдын27-июлундагы токтомунда баяндалган 2009-жылдын 23-июлунда өткөрүлгөнКыргыз Республикасынын Президентине шайлоонун жыйынтыктары ырасталуугажатат деп эсептейт. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 85-беренесинин 3-пунктунун3-пунктчасынын негизинде жана "Кыргыз Республикасынын Конституциялыксоту жөнүндө" Мыйзамдын 13-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктун, "КыргызРеспубликасынын конституциялык сот өндүрүшү жөнүндө" Мыйзамдын 10, 11,24, 25, 29 жана 30-беренелерин жана Кыргыз Республикасынын Шайлоожөнүндөгү кодексинин 68-беренесинин 1-пунктун жетекчиликке алып, КыргызРеспубликасынын Конституциялык соту чечти: 1. Корутунду берилсин: Кыргыз Республикасынын Президентин 2009-жылдын 23-июлундаөткөрүлгөн шайлоолор Конституцияга ылайык деп табылсын; Кыргыз Республикасынын Президенти болуп Бакиев Курманбек Салиевич-тин шайлануусу тууралуу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумөткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2009-жылдын 27-июлундагы токто-мунда баяндалган 2009-жылдын 23-июлунда өткөрүлгөн Кыргыз Республикасы-нын Президентин шайлоонун жыйынтыктары ырасталсын. 2. Чечим акыркы, даттанууга жатпайт. Бардык мамлекеттик органдар,кызмат адамдары, юридикалык жактар жана жарандар тарабынан милдеттүүтүрдө аткарылууга тийиш. 3. Чечим Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасы-нын Жогорку Кењешине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумөткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жиберилсин, "Кыргыз Республикасы-нын Жогорку Кењешинин ведомосторуна", "Кыргыз Туусу", "Слово Кыргызста-на" жана "Эркин Тоо" гезиттерине жарыялансын. Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Төрагасы С.Сыдыкова Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Секретары О.Мамыров