Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 12-февралындагы N 87 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аэропортторунда, авиаишканаларында өткөрүү жана ички объект режимин уюштуруу боюнча ЖОБО (КР Өкмөтүнүн 2000-жылдын 17-майындагы N 275, 2013-жылдын 4-октябрындагы N 555 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 1. Жалпы жоболор 1. Кыргыз Республикасынын аэропортторунда, авиаишканаларында өткөрүү жана ички объект режимин уюштуруу боюнча Жобо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, жарандык авиациянын Эл аралык Уюму (ИКАО) системалаштырган ченемдерге, эрежелерге жана жол-жоболорго ылайык иштелип чыккан жана кабыл алынган жарандык авиациядагы авиациялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча Улуттук программанын ажырагыс бөлүгү болуп саналат. 2. Кыргыз Республикасынын аэропортторунда, авиаишканаларында режимдик чектөөлөрдү белгилөө мамлекеттин жарандык авиациянын иш аракетине мыйзамсыз кийлигишүү актыларын болтурбоого багытталган атайын чараларды көрүү жолу менен жарандык авиациянын коопсуздугу үчүн өкмөттүн эл аралык милдеттемелери жана жоопкерчилиги менен аныкталат. 3. Ушул Жобо менен режимдик чектөөлөрдү белгилөө боюнча аэропорттор жана авиаишканалар үчүн стандарттар, ошондой эле эл аралык деген статусу бар аэропорттордо бажылык, чек аралык жана башка мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүнүн тартиби аныкталат. 4. Кыргыз Республикасынын аэропортторунда, авиаишканаларында авиациялык коопсуздукту камсыз кылуунун режимдик чараларын сактоо үчүн жоопкерчилик аэропорттордун жана авиаишканалардын башчыларына, ал эми аларды практикалык жактан ишке ашыруу Авиациялык коопсуздуктун кызматы деп аталган атайын структуралык уюмга жүктөлөт. 5. Авиациялык коопсуздук кызматынын ыйгарым укуктарынын чөйрөсү Кыргыз Республикасынын Аба Кодекси, Кыргыз Республикасынын аэропортторунда, авиаишканаларында авиациялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чаралардын Программасы, Кыргыз Республикасынын аэропортторунда, авиаишканаларындагы авиациялык коопсуздук кызматы жөнүндө ушул Жобо, Кыргыз Республикасынын жана башка ченемдик-укуктук документтери, биргелешип практикалык колдонуу үчүн бажылык, чек аралык жана башка струкуралар менен өз ара аракеттенүү боюнча аэропорттордо жана авиаишканаларда иштелип чыккан жана кабыл алынган ведомстволор аралык нускамалар жана технологиялар менен аныкталат. 6. Ушул Жобо менен белгиленген режимдик чаралардын стандарттарын аткарбоого же бошоңдотууга болбойт. II. Аэропорттун, авиаишкананын контролдук зонасы жана анын милдеттик өзгөчөлүктөрү 7. Азропорттун, авиаишканынын контролдук зонасы жеке адамдарды унааны уруксатсыз киргизүүгө жол бербеген коргоо коруктары бар аймак болуп саналат. 8. Граждандардын эркин кириши үчүн ачык болгон жүргүнчүлөр аэровокзалдарын, автомобиль коюучу жайларды турмуш-тиричилик максатындагы объектерди кошуп алганда аэропорттордун, авиаишканалардын аймактары контролдонбоочу зонага таандык. Контролдук зоналар үчүн каралган коопсуздуктун атайын чаралары жана эрежелери жарандык авиациянын иш аракетине мыйзамсыз кийлигишүүнүн актысынын чыныгы коркунучу болушуна түздөн-түз байланыштуу белгиленет. 9. Контролдук зоналардын коргоо коруктары аларга башка адамдардын киришине тоскоол кылуучу техникалык курулуш катары жасалат. 10. Коргоо коруктары төмөндөгүдөй белгилүү техникалык талаптарга ылайык аткарылат: - коруктун конструкциясы анын үстүнөн жана астынан өтүп кетүүгө чыныгы кыйынчылык туудургандай жетиштүү бийиктикте жана бекемдикте болууга тийиш; - коруктун конструкциясын бойлото бийик өскөн өсүмдүктөр, күзөттүн инженердик-техникалык каражаттарын (ИТСО) колдонууга коруктун көрүнүшүнө кыйынчылык келтирген буюмдар, курулуштар алып салынууга тийиш; - коруктун ичин бойлото авиациялык коопсуздуктун автопатрулдук тобу жүргүдөй жол салынууга тийиш; - авиациялык коопсуздук кызматы контролдобогон техникалык дарбазалар, эшиктер, терезелер, люктар, табигый тосмо катары пайдаланылуучу имараттар жана курулуштар бекем жабылууга тийиш жана мүмкүн болушунча ИТСО менен жабдылууга тийиш; - коргоо коруктары түн мезгилинде жетиштүү жарык болууга тийиш. III. Өткөрүү режими 11. Өткөрүү режими - аэропорттун, авиаишкананын же жарандык авиациянын объектинин контролдук зонасына жеке адамдардын жана унааны өткөрүүнүн чараларынын эрежелеринин жана процедураларынын жыйындысы. 12. Өткөрүү режиминин максаты: - контролдук зонага чоочун адамдардын, унаанын уруксатсыз киришинин же ал жакка малдын кирип кетишинин мүмкүнчүлүгүнө жол бербөө; - авиаишкананын кызматкерлерин жана транспортун, башка мамлекеттик ведомстволордун (бажыкананын, чек ара кызматынын, милициянын) алар өздөрүнүн милдеттерин аткаруу ордуна, анын ичинде алардын ишинин сменалуулугун эске алуу менен, ошондой эле башка уюмдардын адамдарынын жана транспортунун аба кемелерине жана өзгөчө маанилүү объекттерге өтүшүнүн тартибин белгилөө; - текшерүүдөн өткөн жүргүнчүлөрдүн мындай текшерүүдөн өтпөгөн адамдар менен катнашына жол бербөө боюнча чараларды эске алуу менен жүргүнчүлөрдү перронго жана аба кемесине отургузуучу жайларга өткөрүүнүн тартибин белгилөө; - контролдук зонадан материалдык байлыктарды, жүктү жана багажды алып чыгуунун жана ташып чыгуунун тартибин белгилөө; - өзгөчө статусу бар адамдарды (литердик иш чараларда, атайын жүктү, атайын почтаны, диппочтаны д.у с. жөнөтүүдө) контролдук зонага өткөрүүнүн тартибин белгилөө. 13. Контролдук аймакка өткөрүү контролдук милдеттерди аткаруу үчүн конструкциялык жактан атайын ылайыкташтырылган контролдук өткөрүү пункттарынын (КПП) чектелүү саны аркылуу жүзөгө ашырылат. 14. Контролдук-өткөрүү пункттары өзүнүн конструкциялык өзгөчөлүктөрү боюнча төмөндөгүдөй талаптарга ылайык келүүгө тийиш: - механикалык же автоматтык түрдө (транспорт интенсивдүү кыймылдагы жерлерде автоматтык шлагбаумдар орнотулушу мүмкүн) ишенимдүү жабыла жана бекиле турган дарбазалар болуш керек; - контролдук зонада келгендердин текшерүүсүз өтүп кетишине мүмкүнчүлүк бербегидей механикалык же автоматтык түрдөгү турниктер болууга тийиш; - унааны текшерүү жана келгендерди жеке текшерүү үчүн техникалык жабдуулар (издөө техникасы, тепкичтер, күзгүлөр, электр фонарлары) болууга тийиш; - КППны оперативдүү башкарууну жана авиациялык коопсуздук кызматын же милициянын наряддарын, бажыкананы, зарыл болгон учурда чек ара аскерлерин, күчөтүү топторун шашылыш чакырууну камсыз кылгыдай байланыш каражаттары болууга тийиш; - тутумдаш аймакты жакшылап кароо үчүн шарт, жарык, эскертүүчү жана маалыматтык аншлагдар жана белгилер болууга тийиш. 15. Контролдук аймакка өзүнүн иш милдеттерин туруктуу аткарган аэропорттун жана авиаишканалардын, Аба транспорту жана аба мейкиндигин пайдалануу департаментинин, бажыкананын, чек ара аскерлеринин кызматкерлерин жана контролдук аймакта өз иш милдеттерин такай аткарган башка мамлекеттик органдардын кызматкерлерин өткөрүү ошол конкреттүү аэропортто, авиаишканада белгиленген күбөлүктөр, ысмы жазылган тархеткалар жана идентификациялык карта-тархеткалар боюнча жүзөгө ашырылат. 16. Аэропортто, авиаишканасында иштебегендерди контролдук аймакка өткөрүү ким экендигин күбөлөндүргөн документти көрсөткөндө убактылуу же бир жолу берилүүчү өткөрмө боюнча жүзөгө ашырылат. 17. Ким экендигин күбөлөндүргөн документ паспорт, паспорттун ордуна ички иштер органдары берген справка, мамлекеттик бийликтин жана башкаруунун расмий органдары берген жасалмалоолордон коргоочу реквизиттери бар күбөлүктөр болуп саналат. 18. Авиациялык ташууну тейлөөчү чет өлкөлүк авиакомпаниялардын өкүлчүлүктөрү, аба кемелеринин эксплуатанттары, туристтик фирмалардын кызматкерлери, алардын расмий арыздары боюнча туруктуу же убактылуу өткөрмөлөр менен камсыз кылынат жана милдеттүү түрдө атайын контролдон өтүү менен өз рейстеринде гана аба кемелерин жана жүргүнчүлөрдү тейлөө үчүн контролдук аймакка өткөрүлөт. 19. Чет өлкөлүк авиакомпаниялардын аба кемелеринин экипаждарынын мүчөлөрү контролдук аймакка рейстин башкы декларациясы болгондо экипаждын мүчөсүнүн улуттук паспорту же жеке күбөлүгү боюнча өткөрүлөт. 20. Өрттөрдү, аварияларды жана башка бөөдө кырсыктарды жоюу үчүн өрт жана авариялык сактап калуу командаларынын жоокерлери бөөдө кырсык болгондо медициналык тез жардам кызматкерлери укукка жат иштерди тез токтотуу үчүн укук коргоо органдарынын кызматкерлери контролдук зонага бөгөтсүз өткөрүлөт. Өрт авариялык - сактап калуу командаларынын, медицина кызматкерлеринин же укук коргоо органдарынын чакырылгандыгы жөнүндө КППнын контролерлору мурдатан эскертилет. 21. Атайын статусу бар адамдарды жана унааны контролдоочу аймакка өткөрүү төмөндөгүдөй эрежелер боюнча жүргүзүлөт: - мамлекет башчыларынын, өкмөт башчыларынын, парламент башчыларынын деңгээлиндеги чет өлкөлүк делегацияларды тосуп алуу жана узатуу салтанатына катышуу үчүн чет мамлекеттердин дипломатиялык жана тийиштүү кызматтарынын өкүлдөрүнүн, ошондой эле автоунаа каражаттарынын (кортеждердин) аэропорттун учуу талаасына кирүүсүнө Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Мамлекеттик протокол департаменти менен макулдашуусу боюнча гана уруксат берилет; - бөлөк деңгээлдеги чет өлкөлүк делегацияларды тосуп алуу жана узатуу салтанатына катышуу үчүн чет мамлекеттердин дипломатиялык жана тийиштүү кызматынын өкүлдөрүнүн, ошондой эле автоунаа каражаттарынын (кортеждердин) аэропорттун учуу талаасына кирүүсүнө Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Мамлекеттик протокол департаменти менен макулдашуусу боюнча гана, өз ара жактыруучулук принцибин эске алуу менен уруксат берилет; - мамлекеттик бийликтин жана башкаруунун жооптуу кызматкерлери, ошондой эле чет мамлекеттердин полномочиелүү өкүлдөрү (эгер режимдик аймакта болуу жүргүнчү катары учуп жаткандыгына байланыштуу болбосо) - аэропорттун, авиаишканынын жетекчисинин көрсөтмөсү боюнча жана алардын өзүнүн коштоосу менен өтөт же режимдик аймакта алардын жеке коопсуздугу үчүн жооптуу администрациянын атайын дайындалган өкүлдөрү тарабынан коштолот; - ушул пункттун төртүнчү абзацында айтылган жүргүнчү катары бараткан адамдарды аймакка жана адеттеги жүргүнчүлөр рейсин аткарып жаткан аба кемелерине өткөрүү авиациялык коопсуздукту кылуу максатында каралган бардык зрежелерди жана сактоо менен расмий өкүлчүлүктөр залы аркылуу жүзөгө ашырылат; - атайын почтаны ташуучу кызматкерлер атайын тизмеде көрсөтүлгөн багажды ачпастан туруп авиациялык коопсуздукгу камсыз кылуу максатында техникалык каражаттар менен текшерүүнүн милдеттүү процедурасынан кийин учууга документтери даярдалат; - авиациялык коопсуздукту камсыз кылуу максатында каралган нормалардан, эрежелерден, процедуралардан өткөндөн кийин оорулууну коштоп жүргөндөр, камакка алынгандар, этап боюнча алып бараткандар. Аларды аба кемесине отургузуу башка жүргүнчүлөрдү отургузганга чейин 10-15 минута мурда авиациялык коопсуздук кызматынын кызматкерлеринин контролдугу астында жүргүзүлөт; - чет мамлекеттердин Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде катталган элчиликтеринин жана өкүлчүлүктөрүнүн дипломатиялык чабармандары техникалык каражаттарды кошкондо жүргүнчүлөрдү текшерүү жол-жобосунан кийин, бирок дипломатиялык почтаны толук текшерүүсүз, атайын реестрде көрсөтүлүү менен учууга кое берилет. (КР 2000-жылдын 17-майындагы N 275, 2013-жылдын 4-октябрындагы N 555 токтомдорунун редакцияларына ылайык) |