Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 4-августундагы N 421 токтому менен бекитилген |
Транспорт каражаттарын пайдаланууга уруксат берүү боюнча негизги жоболор жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча кызмат адамдарынын милдеттери
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-мартындагы N 136, 2015-жылдын 16-ноябрындагы № 771, 2017-жылдын 25-декабрындагы № 833, 2019-жылдын 7-октябрындагы № 522 2021-жылдын 26 майындагы № 14 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Механикалык транспорт каражаттары жана чиркегичтер "Транзит" каттоо белгиси колдонулган мезгилдин ичинде же аларды сатып алуудан же бажы документтерин толтуруудан кийин 10 жумуш күндүн ичинде транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органында каттоодон өткөрүлүүгө тийиш.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-декабрындагы № 833, 2019-жылдын 7-октябрындагы № 522 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Механикалык транспорт (трамвай жана троллейбустардан башка) каражаттары жана чиркегичтерге ошол жер үчүн каралган тийиштүү үлгүдөгү каттоо белгилери орнотулат.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 26-майындагы № 14 токтомунун редакциясына ылайык)
Каттоо белгилеринин цифралары жана ариптери жүк ташуучу автомобилдин, чиркегичтердин (жеңил автомобилдер менен мотоциклдин чиркегичтеринен тышкары) жана автобустардын (өтө кичине автобустардан башка) кузовунун арткы жагында кайталанууга тийиш. Цифралардын бийиктиги кеминде 300 мм, жазылыгы - кеминде 120 мм, штрихтин калыңдыгы - 30 мм, ариптердин өлчөмү цифранын өлчөмүнүн үчтөн бирине туура келүүгө тийиш.
Трамвайлар менен троллейбустарга тийиштүү ведомстволор берген каттоо номерлери тагылат.
3. Жол кыймылына катышкан транспорт каражаттарынын жол кыймылынын коопсуздугуна жана курчап турган чөйрөнү коргоого тиешеси бар техникалык абалы жана жабдуулары тийиштүү стандарттарга, аларды техникалык жактан пайдалануунун эрежелерине жана көрсөтмөлөрүнө ылайык келүүгө тийиш.
4. Адамдарды ташууга арналган борттук платформасы бар жүк ташуучу автомобилдер полдон 0,3 - 0,5 метр бийиктикте жана борттун жогорку кырынан кеминде 0,3 метр аралыкта орнотулган орундуктар менен жабдылууга, ал эми балдарды ташууда өзүнүн бортунан тышкары полдон ал кеминде 0,8 метр бийик болууга тийиш.
Арткы же каптал бортту бойлой жайгашкан орундуктардын бекем жөлөнгүчү болууга тийиш.
5. Айдоого үйрөтүүгө пайдаланган жана окутуу уюмуна тиешелүү механикалык транспорт каражаты жайгаштыруунун жана тормоздун кошумча муунагы менен жабдылууга тийиш.
6. Велосипеддин тормозу оң абалында болуп, руль жана үн чыгаруучу сигналы болууга, алды жагынан жарыкты чагылдыргыч жана фонарь же ак түстөгү (сутканын караңгы учурунда жана көрүүгө начар болгон шартта жүрүү үчүн) фара менен, арт жагынан жарык чагылдыргыч же кызыл түстөгү фонарь менен, ал эми эки капталы - саргыч же кызыл түстөгү жарык чагылдыргыч менен жабдылууга тийиш.
7. Ат арабанын токтоп тургандагы тормоздук жабдуусу жана артка жылып кетүүгө каршы таянычы болууга, алды жагынан эки жарык чагылдыргыч же ак түстөгү фонарь (түн ичинде жана жол начар көрүлгөн шартта), арт жагынан эки жарык чагылдыргыч же кызыл түстөгү фонарь менен жабдылышы керек.
8. Транспорт каражаттарында төмөнкүдөй айырмалоочу белгилер орнотулууга тийиш:
"Автопоезд" - чиркегичи бар жүк ташуучу автомобилдерде жана (1,4 тонна жана андан жогорку класстагы) дөңгөлөктүү тракторлордо, ошондой эле ортосу бүктөлмө автобустар менен троллейбустарга аралыгы 150 миллиметрден 300 миллиметрге чейинки өлчөмдө кабинанын үстү жагына горизонталдуу абалда саргыч кызыл түстөгү үч фонарь;
"Тикенектер" - дөңгөлөгүндө тикенектери бар механикалык транспорт каражаттарынын арт жагына кара түстө "Ш" арбин жазуу менен кызыл түс менен кыймаланган бир учу жогору жакты караган ак түстөгү үч бурчтук (үч бурчтуктун жактары кеминде 200 мм, кыймалардын жазылыгы 1/10);
"Балдарды ташуу" - балдардын тобун ташууда автобустардын же жүк ташуучу автомобилдердин алдына жана артына карата түстөгү 1.21 жол белгисинин символу бар кызыл түстөгү кыймасы менен сары түстөгү төрт бурчтук (тараптардын узундугу кеминде 250 мм, кыйманын жазылыгы 1/10);
"Дүлөй айдоочу" - дүлөй жана дудук же дүлөй айдоочу башкарган механикалык транспорт каражатынын алдына жана артына бир учу ылдый жакты караган тең жактуу үч бурчтуктун бурчтары боюнча диаметри 40 мм болгон үч кара тегерекче тартылган диаметри 160 мм келген сары айлана;
"Окуу транспорт каражаты" - айдоого үйрөтүүдө пайдалануучу механикалык транспорт каражатынын алдына жана артына (жеңил автомобилдин чатырына эки жактуу белги орнотууга жол берилет) кара түстөгү "У" ариби жазылган (жактарынын узундугу кеминде 200 мм, кыймасынын жазылышы 1/10) кызыл түс менен кыйылган бир учу жогору жакты караган ак түстөгү тең жактуу үч бурчтук;
"Ылдамдыкты чектөө" - оор жана ири өлчөмдөгү жүктөрдү ташыган, ошондой эле техникалык мүнөздөмөсү боюнча транспорт каражатынын максималдуу ылдамдыгы Кыргыз Республикасынын жол кыймылынын Эрежелеринин 10.3 пункту менен аныкталган учурларда айдоочулук стажы кеминде эки жыл болгон айдоочу башкарган механикалык транспорт каражатынын арткы кузовунун сол жагынан уруксат берилген ылдамдыкты көрсөтүү менен 3.24 жол белгисинин кичирейтилген түстүү сүрөтү (белгинин диаметри кеминде 160 мм, кыймасынын жазылыгы диаметрдин 1/10);
"Коркунучтуу жүк" - 690 x 300 мм өлчөмүндөгү тик бурчтук, анын 400 х 300 мм өлчөмүндөгү оң бөлүгү саргыч кызыл түскө, ал эми сол бөлүгү кара түстөгү кыйма менен (жазылыгы 15 мм) кыйылган ак түскө боелгон жана жүктүн коркунучтуулугун мүнөздөгөн белгилер коюлат - ал мындай жүк ташыган транспорт каражатынын алдына жана артына тагылат;
"Ири өлчөмдөгү жүк" - үстүңкү бети жазылыгы 50 мм келген кызыл жана ак диагональ боюнча кезектешкен жарык чагылдырган сызыктан турган 400 х 400 мм өлчөмүндөгү калканч;
"Узун транспорт каражаты" - жүгү менен же жүгү жок турганда узундугу 20 метрден ашкан транспорт каражаттарынын жана эки же андан ашык чиркегич сүйрөгөн автопоезддин арткы жагына үстүңкү бети жарык чагылдырган кызыл түстөгү (жазылыгы 40 мм) кыйма менен кыйылган кеминде 1200 х 200 мм өлчөмүндөгү сары түстөгү тик бурчтук. Аталган өлчөмдөгү белгини орнотууга мүмкүн болбосо, транспорт каражатынын ок темирине симметриялуу кылып кеминде 600 х 200мм өлчөмүндөгү эки бирдей белги орнотулат.
"Акырын жүрүүчү транспорт каражат" - флюоресценциялуу кызыл түстөгү жана жарыкты кайра чагылдыруучу сары же кызыл түстөгү жээктүү тең жактуу үч бурчтук түрүндө (үч бурчтуктун жактарынын узундугу 350дөн 365 мм чейин, жээгинин эни 45тен 48 мм чейин) - механикалык транспорт каражаттардын артына орнотулат, алар үчүн жасаган ишканада максимум ылдамдык 30 км/сааттан ашык эмес белгиленген.
(Абзац КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 7-октябрындагы № 522 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Айдоочунун каалоосу боюнча төмөнкүдөй айырмалоочу белгилер орнотулушу мүмкүн:
"Врач" - врач-айдоочу башкарган автомобилдин алдына жана артына ак түстөгү айлампа (диаметри 125 мм) болгон көк түстөгү (жактары 140 мм) төрт чарчы келип, ага кызыл крест (бийиктиги 90 мм, штрихтин жазылыгы 25 мм) тартылат;
"Майып" - I жана II топтогу майыптар башкарган же ушундай майыптарды ташыган механикалык транспорт каражаттарынын алдына жана артына жактары 150 мм келген жана кара түстөгү 7.17 жол белгисинин символу түшүрүлгөн сары түстөгү төрт чарчы орнотулат.
Жаңыдан баштаган айдоочу" - бийиктиги 110 мм болгон кара түстөгү илеп белгисинин сүрөтү менен сары түстөгү чарчы түрүндө (жактары 150 мм) - стажы 2 жылдан аз болгон айдоочулар башкаруучу механикалык транспорт каражаттарынын (тракторлордон, өзү жүрүүчү машиналардан, мотоциклдерден жана мопеддерден тышкары) артында:
!
"Жаңыдан баштаган айдоочу";
"Таксомотор (такси)" - таксомотордук ташуу уруксат берилген механикалык транспорт каражатында жана (же) механикалык транспорт каражатынын чатырында орнотулуучу таанытуу фонарында - шахмат тартибинде эки же андан көп катарда жайгаштырылган кара-ак түстөгү беш же андан ашык чарчылардан (жактары 23 ммден кем эмес) турган композиция. "Такси" жазуусун транспорт каражатынын кузовунда (кабинасында) жана (же) таанытуу фонарында мамлекеттик, расмий жана англис тилдеринде жазууга жол берилет:
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|