Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 177 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
(КР Өкмөтүнүн
2006-жылдын 19-октябрындагы N 736,
2011-жылдын 23-августундагы N 479
токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Жалпы жоболор
1. Бул жобо илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштердин долбоорлоруна мамлекеттик илимий-техникалык экспертиза уюштуруу жана жүргүзүү тартибин аныктайт. Алар тапшырма же айрым илимий-техникалык долбоорлор катары мамлекеттик илимий-техникалык программалардын курамында республикалык бюджеттин каражатынын эсебинен ишке ашырылууга сунуш кылынат.
2. Мамлекеттик илимий-техникалык экспертиза илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштердин долбоорлорун анализдөө, баалоо жана алар боюнча көрсөтүлгөн иштерди жүзөгө ашырууну республикалык бюджет каражатынын эсебинен жүргүзүүнүн максатка ылайыктуулугу жөнүндө чечим кабыл алуу максатында негиздүү бүтүмдөрдү даярдоо боюнча иш-аракеттердин системасы түрүндө болот.
3. Мамлекеттик илимий-техникалык экспертизаны Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан түзүлгөн мамлекеттик эксперттик кеңештер (мындан ары - Кеңештер) жүргүзөт. Бул экспертизаны жүргүзүүгө келишим (контракт) негизинде жетектөөчү илимий мекемелер, окумуштуулардын коомдук уюмдары, ошондой эле мамлекеттик эксперттер катары айрым жогорку квалификациялуу адистер жана окумуштуулар (алардын ичинде чет элдик) тартылат.
Кеңеш өз ишинде Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен бирдикте илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен Мамлекеттик экспертизалык кеңеш жөнүндө жобону жетекчиликке алат.
4. Финансы министрлиги жана мамлекеттик башкаруу органы жыл сайын мамлекеттик эксперттердин эмгек акысын төлөөгө жана мамлекеттик илимийтехникалык экспертиза жүргүзүү менен байланышкан башка чыгымдарды жабууга каражат карайт. Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүү болжолунда мамлекеттик илимий-техникалык программаларды жана айрым илимий-техникалык долбоорлорду аткарууга каралган каражаттар ушул максатка пайдаланылат.
Аталган каражаттарды пайдалануу тартибин мамлекеттик башкаруу органы Финансы министрлигинин макулдугу менен аныктайт.
5. Мамлекеттик илимий-техникалык экспертиза жүргүзүүгө байланышкан чыгымдарды жарым-жартылай жабуу үчүн мамлекеттик илимий-техникалык программага сунушталган же илимий-техникалык долбоору өзүнчө кабыл алынган өтүнүч ээси мамлекеттик башкаруу органына долбоордун болжолдуу баасынын 0,5% өлчөмүндө, мамлекеттик бюджеттен каржылануучу республиканын жогорку окуу жайларын жана илимий-изилдөө мекемелерин кошпогондо" насыя акы которот. Өтүнүч ээси аталган насыя акыны которуудан баш тарткан учурда сунуш кылынган долбоор каралбашы мүмкүн. Ап тууралу тиешелүү министрлик өтүнүч ээсине билдирүүгө милдеттүү.
Эгерде экспертизанын жана конкурстун жыйынтыктары боюнча киргизилген долбоордун ээлери аны ишке ашыруу үчүн акча каражатын алышса, алдын-ала төлөнгөн насыя акы тиешелүү чыгымдардын суммасына кошулат. Четке кагылган долбоор үчүн төлөнгөн насыя акы кайтарылып берилбейт.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-августундагы N 479 токтомунун редакцияларына ылайык)
Мамлекеттик илимий-техникалык экспертизаны