Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2000-жылдын 17-июлу № 61
Тышкы миграция жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 21-ноябрындагы № 153, 2005-жылдын 6-августундагы № 125, 2008-жылдын 23-майындагы № 98, 2009-жылдын 25-февралындагы № 68, 2009-жылдын 12-октябрындагы № 262, 2011-жылдын 26-июлундагы № 127, 2012-жылдын 17-мартындагы № 19, 2013-жылдын 24-июлундагы № 160, 2013-жылдын 9-декабрындагы № 214, 2015-жылдын 27-январындагы № 27, 2015-жылдын 19-мартындагы № 59, 2016-жылдын 24-октябрындагы № 171, 2019-жылдын 20-мартындагы № 37, 2020-жылдын 14-январындагы № 1, 2020-жылдын 26-июнундагы № 64, 2020-жылдын 24-июлундагы № 89, 2020-жылдын 17-августундагы № 135, 2020-жылдын 26-декабрындагы № 12, 2021-жылдын 13-сентябрындагы № 116, 2023-жылдын 16-февралындагы № 32, 2023-жылдын 24-февралындагы № 41, 2023-жылдын 27-февралындагы № 43, 2023-жылдын 30-июнундагы № 129, 2023-жылдын 16-августундагы № 183, 2024-жылдын 24-майындагы № 89, 2024-жылдын 18-ноябрындагы № 181, 2025-жылдын 10-июлундагы № 137, 2025-жылдын 9-августундагы № 195, 2026-жылдын 23-апрелиндеги № 54, 2026-жылдын 21-майындагы № 73 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Ушул Мыйзам тышкы миграция тармагындагы укук мамилелерин жөнгө салат жана Кыргыз Республикасындагы миграция маселелеринин укуктук негизин аныктайт.
I БӨЛҮМ ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР
1-статья. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр
Чыгарып салуу - чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда мамлекеттик чек ара аркылуу Кыргыз Республикасынынын чегинен мажбурлап жана көзөмөлдөп чыгарып салуу;
Визасыз режим - чет мамлекеттин жарандары Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында жана/же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган, белгиленген мөөнөттөрдүн алкагында визаны жол-жоболоштурбастан Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүгө, чыгууга, транзит менен жүрүүгө, орун которууга жана болууга укуктуу болгон режим.
Жашап туруу мүмкүнчүлүгү - чет өлкөлүк жарандарга же жарандыгы жок адамдарга Кыргыз Республикасында туруктуу же убактылуу жашап турууга укук берүүчү документ;
Виза - чет өлкөлүк жарандын же жарандыгы жок адамдын паспортунда же Кыргыз Республикасында колдонуудагы аны алмаштырган башка документинде Кыргыз Республикасына кирүүгө, анын аймагында болууга жана Кыргыз Республикасынан чыгып кетүүгө уруксат берүүчү белги;
Визанын бирдиктүү мамлекеттик стандарты, формасы, сүрөттөлүшү болот. Бирдиктүү мамлекеттик стандарт, анын формасы жана сүрөттөлүшү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
Тышкы миграция - Кыргыз Республикасынын аймагында же Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде жеке адамдардын көчүп жүрүшү.
Мыйзамдуу өкүлдөр - ата-энелер, асырап алуучулар, камкорчулар, көзөмөлчүлөр, ошондой эле ишке катышы бар адам көзөмөлүндө болгон уюмдардын жана адамдардын өкүлдөрү.
Иммигрант - Кыргыз Республикасына туруктуу жашоо максатында мыйзамдуу түрдө кирген чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам;
Иммиграция - чет өлкөлүк жарандардын же жарандыгы жок адамдардын туруктуу жашоо үчүн Кыргыз Республикасына кириши;
Чет өлкөлүк жаран - Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналбаган жана кандайдыр бир чет мамлекеттин жараны болуп саналаарына карата далилдери бар адам;
Жарандыгы жок адам - Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналбаган жана кандайдыр бир чет мамлекеттин жараны болуп саналаарына карата далилдери жок адам;
Миграция - ар кандай себептер менен Кыргыз Республикасынан башка өлкөлөргө жана башка өлкөлөрдөн Кыргыз Республикасына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинде туруктуу же убактылуу жашоо максатында жеке жактардын көчүп жүрүшү;