Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 7-июлундагы N 271 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасындагы сууну коргоочу зоналар жана суу объект тилкелери тууралу ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-сентябрындагы № 606, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 307, 2022-жылдын 29-июлундагы № 403, 2023-жылдын 28-августундагы № 429 , 2026-жылдын 6-февралындагы № 68 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
I. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Суу кодексине, Кыргыз Республикасынын Токой кодексине, "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзам актыларына ылайык иштелип чыккан жана дарыялардын, көлдөрдүн, көлмөлөрдүн, суу сактагычтардын, каналдардын, гидротехникалык курулмалардын жана түзүлүштөрдүн, ичүүчү жана техникалык суу менен жабдуу булактарындагы суу алуучу жана коргоочу курулмалардын (мындан ары - суу объекттери) сууну коргоочу зоналарына жайылтылат.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-сентябрындагы № 606, 2026-жылдын 6-февралындагы № 68 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Бул Жобо менен Кыргыз Республикасындагы сууну коргоочу зоналар, суу объект тилкелери, сууну коргоочу зоналар менен тилкелерге кирген жерлерди чарба иши үчүн колдонуу режими, ошондой эле аларды тиешелүү абалда күтүү үчүн кандай жоопкерчилик талап кылынары белгиленет.
3. Сууну коргоочу зоналарда жана тилкелерди белгилөө канал бойлорунда суу бургуч тилкелерди, чарба иши жана ичүү үчүн колдонулуучу суу башаттарын санитардык коргоо зоналарын, балык чарба көлмөлөрү үчүн санитардык зоналарды, ошондой эле калкты дарылоо, дагы башка дартка даба болчу максаттар үчүн суу объектилери жайгашкан курортторду санитардык жактан коргоочу округдарды (алардын чеги жана колдонулуш режими күчүндө турган мыйзамдарга ылайык белгиленет) курууну кошо камтыйт.
4. Сууну коргоочу зоналар менен тилкелердин чеги физика-географиялык, топурак-гидрогеологиялык шарттарга, суу объектисинин же айрым участкасынын кайсы ишке колдонула турганына, рельефке, ошондой эле жалпы эле сууну керектөөчүлөрдүн кызыкчылыгына жараша аныкталып белгиленет.
5. Сууну коргоочу зоналар менен суу бойлорундагы тилкелер чарбалардын жерди пайдалануу боюнча картографиялык материал-пландарында, курулуш жана башкалардын генпландарында көрсөтүлөт.
Суу бойлорундагы тилкелердин чеги даана көрүнгөн белгилер менен шаарлардын, өнөр жай борборлорунун аймактарында, көпчүлүк калк эс алган жерлерде, тындырбай айыл чарбасы үчүн колдонулган участкаларда гана белгиленет.
6. Сууну коргоочу зоналардын, тилкелердин өлчөмүн, ал жерлердеги режимди тактап-белгилегенде ушул Жобонун талаптары сөзсүз сакталыш керек.
II. Мамлекеттик органдардын компетенциясы
7. Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча сууну коргоочу зоналарды жана суу объект тилкелерин белгилөө жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга, республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын мэрияларына жүктөлөт. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын мэриялары сууну коргоочу зоналардын жана суу объект тилкелеринин өлчөмү жөнүндө, ошондой эле алардын аймагында белгиленген сууну коргоочу режим жөнүндө чечимдерди бардык кызыкдар юридикалык жана жеке жактарга жеткирет. Сууну коргоочу зоналар жана тилкелер суу объектин пайдалануучулар же жери суу объектине жанаша турган жерди пайдалануучулар тарабынан натуралай белгиленет.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-сентябрындагы № 606, 2026-жылдын 6-февралындагы № 68 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
7-1. Сууну коргоочу зоналарды жана тилкелерди белгилөөдө жергиликтүү мамлекеттик администрациялар же республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын мэриялары өздөрүнүн чечими менен туруктуу иштөөчү комиссияны түзөт, анын курамына жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын же республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын мэрияларынын, Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу, айлана-чөйрөнү коргоо, экология, жаратылыш ресурстарын коргоо, санитардык-эпидемиологиялык бейпилдик, архитектура жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын жана башка кызыкдар тараптардын өкүлдөрү кирет.
(КР Өкмөтүнүн 2026-жылдын 6-февралындагы № 68 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Сууну коргоочу зоналарды жана суу жээгиндеги тилкелерди уюштуруу боюнча сунуштарды даярдоону жана киргизүүнү жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын же республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын мэрияларынын туруктуу иштөөчү комиссиялары камсыз кылат.