Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Президентинин

2010-жылдын 21-декабрындагы ПЖ № 365 Жарлыгына ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2002-жылдын 7-майы ПУ № 109

Кыргыз Республикасынын Президентинин

кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана

толуктоолорду киргизүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссияга караштуу Мамлекеттик тил жана энциклопедия борборун башкарууну оптималдаштыруу максатында

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилин андан ары өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 1998-жылдын 20-январындагы № 21 Указы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия жөнүндөгү Жобонун 18-пунктуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

- пункт төмөнкү мазмундагы жаңы төртүнчү абзац менен толукталсын:

"- Мамлекеттик тил жана энциклопедия борборунун башкы директорунун кызмат ордуна дайындоо үчүн талапкерди Кыргыз Республикасынын Президентинин кароосуна киргизет;";

- төртүнчү-алтынчы абзацтар бешинчи-жетинчи абзацтар деп эсептелсин;

- бешинчи абзацтагы "директорун" деген сөз "башкы редактордун орун басарларын" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. "Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясын Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссияга караштуу Мамлекеттик тил жана энциклопедия борборуна өзгөртүп түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 1999-жылдын 12-февралындагы № 42 Указынын 3-пункту төмөнкү мазмуундагы экинчи бөлүк менен толукталсын:

"Мамлекеттик тил жана энциклопедия борборунун башкы редколлегиясынын ишине Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиянын төрагасынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти дайындай турган Мамлекеттик тил жана энциклопедия борборунун башкы редактору башчылык кыла тургандыгы белгиленсин.".

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссия өз чечимдерин ушул Указга ылайык келтирсин.

4. Бул Указдын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысына жүктөлсүн.

5. Бул Указ жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

               Президенти

 

А.Акаев