Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 150
Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2001-жылдын 11-январы № 4
Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө
(КР 2006-жылдын 25-июлундагы № 129, 2006-жылдын 24-ноябрындагы № 189, 2007-жылдын 12-июнундагы № 83, 2009-жылдын 26-январындагы № 28, 2009-жылдын 26-майындагы № 174, 2011-жылдын 22-июлундагы № 120, 2012-жылдын 14-майындагы № 50, 2012-жылдын 19-июнундагы № 88, 2015-жылдын 17-июнундагы № 132, 2015-жылдын 28-июлундагы № 198, 2015-жылдын 28-июлундагы № 199, 2016-жылдын 25-июлундагы № 137, 2016-жылдын 30-июлундагы № 156, 2018-жылдын 24-январындагы № 12, 2018-жылдын 30-июнундагы № 64, 2020-жылдын 24-июлундагы № 89, 2020-жылдын 14-августундагы № 126 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Ушул Мыйзам айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруунун укуктук мамилелерин жөнгө салат жана Кыргыз Республикасынын калкынын кызыкчылыгында жерлерди натыйжалуу жана коопсуз пайдаланууну камсыз кылууга багытталган.
I Глава Негизги түшүнүктөр
1-статья.
Айыл чарба багытындагы жерлер - айыл чарба муктаждыктары үчүн берилген же ушул максаттар үчүн багытталган жана үрөн чарбачылык, асыл тукум, эксперименталдык чарба жана айыл чарба кооперативдерин, товардык айыл чарба өндүрүшүн, коргоочу токой өстүрүү, багбанчылык, чарбакчылык, дачаларды жүргүзүү үчүн, илим-изилдөө, тажрыйба-селекциялык жана сорт сыноо жумуштарын өткөрүү үчүн, ошондой эле айыл чарба өндүрүшү менен байланыштуу башка максаттар үчүн пайдаланылуучу жерлер.
(КР 2018-жылдын 30-июнундагы № 64 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-статья.
Айыл чарбасына жарактуу жерлердин мамлекеттик фондунун жерлери айыл чарбасына жарактуу жерлерден (жайыттардан тышкары) түзүлгөн жана мамлекеттин менчигинде болгон жер участоктору.
3-статья.
Жер үлүшү - Кыргыз Республикасынын жаранына жер агрардык реформанын жүрүшүндө менчик укугу күбөлүк менен ырасталуучу акысыз негизде менчикке берилген айыл чарба багытындагы (жарактуу жерлер боюнча) жер участогу.
(КР 2006-жылдын 25-июлундагы № 129 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
4-статья.