Загрузка документа…
КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 172 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
2002-жылдын 12-декабры № 372
Кыргыз Республикасында миграциялык
процесстерди турукташтыруу жана тартипке
салуу боюнча Ведомстволор аралык
комиссияны түзүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Президентинин
2004-жылдын 25-декабрындагы ПЖ № 454 Жарлыгынын
редакциясына ылайык)
Миграциялык процесстерди башкарууну координациялоо, Кыргыз Республикасында миграциялык процесстерди турукташтыруу жана тартипке салуу боюнча Ведомстволор аралык комиссиянын ишин өркүндөтүү, миграция саясатын калыптандыруу механизмин чыңдоо максатында токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 20-майындагы "Кыргыз Республикасында миграциялык процесстерди жөнгө салуу боюнча кошумча чаралар жөнүндөгү" Указы менен түзүлгөн Кыргыз Республикасында миграциялык процесстерди турукташтыруу жана тартипке салуу боюнча Ведомстволор аралык комиссиянын курамына кызматы боюнча төмөнкүлөр кире тургандыгы белгиленсин:
- Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, комиссиянын төрагасы;
- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри, комиссиянын төрагасынын орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине караштуу Миграциялык кызмат департаментинин миграциялык саясат бөлүмүнүн башчысы, комиссиянын жооптуу катчысы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы;