Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Президентинин 2011-жылдын 12-октябрындагы ПЖ № 255 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2003-жылдын 6-апрели ПУ № 115

Банктарды кайра уюштуруу жана карыздарды реструктуралаштыруу боюнча агентствосу (ДЕБРА) жөнүндө

Финансылык секторду структуралык жактан кайра курууну андан ары өнүктүрүү максатында

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Банктарды кайра уюштуруу жана карыздарды реструктуралаштыруу боюнча агентство бардык укуктарды жана жеңилдиктерди сактап калуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө баш ийген Банктарды кайра уюштуруу жана карыздарды реструктуралаштыруу боюнча агентство (ДЕБРА) болуп кайра түзүлсүн.

2. Банктарды кайра уюштуруу жана карыздарды реструктуралаштыруу боюнча агентство (ДЕБРА) жөнүндө тиркелген Жобо бекитилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

- Банктарды кайра уюштуруу жана карыздарды реструктуралаштыруу боюнча агентствонун (ДЕБРА) ишин камсыз кылуу боюнча уюштуруу маселелерин бир айлык мөөнөттө чечсин;

- өзүнүн мурдагы чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

4. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.

5. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

 

А. Акаев