Редакцияот 22.12.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Токмок шаардык кеңешинин 2018-жылынын 8-февралындагы № 124/17-4 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Токмок шаардык кеңешинин IV чакырылышынын VIII сессиясы

 

2016-жылдын 22-декабры № 38/8-4

Токмок шаарынын курулуш жана жер пайдалануу боюнча комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Өнөр жай, курулуш, архитектура, унаа жана турак-жай коммуналдык кызматтар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2016-жылдын 15-декабрындагы отурумунун протоколунун негизинде, “Жетинчи апрелдин Баатырлары” КБнын тең төрагасынын 14.12.2016-ж. чыгыш №302 катына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 23.09.2011-ж. №571 токтому менен бекитилген “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө” типтүү Жобонун 7-пунктуна жана Токмок шаардык кеңешинин 26.04.2006-ж. токтому менен бекитилген “Токмок шаарынын курулуш жана жер пайдалануу эрежелеринин” 8-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жер Кодекси жөнүндө”, “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ” Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Токмок шаардык кеңешинин 17.11.2016-ж. №29/7-4 токтомуна төмөндөгү өзгөртүүлөр киргизилсин:

- Токмок шаарынын курулуш жана жер пайдалануу боюнча комиссиясынын курамынан “Жетинчи апрелдин Баатырлары” КБнын мүчөсү – Калданов Мирбек Омурбекович чыгарылсын,

- комиссиянын курамына мүчө болуп - Киртенов Жамангул Камчыбекович “Жетинчи апрелдин Баатырлары” КБнын мүчөсү киргизилсин.

2. Ушул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу, өнөр жай, курулуш, архитектура, унаа жана турак-жай коммуналдык кызматтар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктѳлсүн.

 

Төрага

Т.Солтобаев