Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 15-февралы № 3/3
“Кара-Суу айылдык кеңешинин депутатынын ыйгарым укугун токтотуу жөнүндө”
Кара-Суу айылдык кеңешинин катчысы Р. Салбаровдун билдирүүсүн жана талкуулап Кара-Суу айылдык кеңеши
токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу мыйзамынын 22-беренесинин 1-пунктуна ылайык № 4157 Кызыл-Дөбө шайлоо участогунан депутат А. Осмонов Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгына байланыштуу депутаттык ыйгарым укугу токтотулсун.
2. Кара-Суу айылдык кеңешинин депутаты болуп №4157 Кызыл-Дөбө шайлоо участогунан депутаттыкка талапкер Өмүрканов Теңизбек Акимовичти депутат кылып дайындоо жагы Кочкор райондук шайлоо участогунан суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-суу айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Б. Назаровго милдеттендирилсин.
Төрага | Т.И. Курткаев |