Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 24-февралы № 4/2
“Кара-Суу айыл өкмөтүнүн аймагында жашаган аз камсыз болгон көп балалуу үй – бүлөөлөргө жөлөкпул чектөө боюнча комиссия курамын түзүү жөнүндө”
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн социалдык жактан коргоо боюнча жетектөөчүү адиси Искак уулу Уланбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, аз камсыз болгон көп балалуу үй- бүлөөлөргө мамлекет тарабынан ай сайын берилүүчү жөлөкпулду чектөө Кара-Суу айылдык Кеңеши
токтом кылат:
Кара-Суу айыл өкмөтүнө караштуу айылдарда аз камсыз болгон көп балалуу үй-бүлөөлөргө мамлекет тарабынан ай сайын берилүүчү жөлөкпулду чектөө боюнча төмөндөгүдөй курамда комиссия түзүлсүн:
1.А.Осмонов – Айыл өкмөтүнүн башчысы, комиссиянын төрагасы.
2.Б.Садыков комиссиянын катчысы.
3. Ж.Эсенбеков - Мантыш айылынын айыл башчысы,комиссиянын мүчөсү
4. Ж.Бейшеналиев- Кара-Мойнок айылынын айыл башчысы,комиссиянын мүчөсү.
5. Р. Ибраев- Орток айылынын айыл башчысы,комиссиянын мүчөсү.
6М. Мусабаев- Ак-Талаа айылынын айыл башчысы,комиссиянын мүчөсү.
7. Д.Максүтова Кара-Суу айылдык кеңешинин депутаты,комиссиянын мүчөсү.
8. К.Жумабеков Кара-Суу айылдык кеңешинин депутаты,комиссиянын мүчөсү.
9. К.Жумакунов Кара-Суу айылдык кеңешинин депутаты,комиссиянын мүчөсү.
10.Ш.Абакиров Кара-Суу айылдык кеңешинин депутаты,комиссиянын мүчөсү.
11.М.Сыдыков Кара-Суу айылдык кеңешинин депутаты,комиссиянын мүчөсү.
Кара-Суу айыл өкмөтүнө караштуу айылдарда аз камсыз болгон көп балалуу үй-бүлөөлөргө мамлекет тарабынан ай сайын берилүүчү жөлөкпулду даректүү чектөө комиссия мүчөлөрүнө тапшырылсын.
Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Осмоновго милдеттендирилсин.
Төрага | Т. И. Курткаев |