Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 7-марты № 5/1
“2017-жылга карата жазгы айдап себүү жумуштарын жүргүзүү боюнча айыл өкмөттүн дыйкан фермерлерине техникалык кызмат көрсөткөн техникалардын кызмат акыларынын бааларын бекитүү жөнүндө”
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн аймагында 2017-жылга карата жазгы айдап себүү жумуштарын жүргүзүү боюнча айыл өкмөттүн дыйкан фермерлерине техникалык кызмат көрсөткөнтехникалардын кызмат акыларынын баалары жөнүндө талкуулап депутаттардын Кара-Суу айылдык Кеңеши
токтом кылат:
1. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн аймагында 2017-жылга карата жазгы айдап себүү жумуштарын жүргүзүү боюнча айыл өкмөттүн дыйкан фермерлерине техникалык кызмат көрсөткөнтехникалардын кызмат акыларынын баалары төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:
1.Айдоо (соко) 1 га. 1000 сом ; 25 литр күйүүчү май.
2. Малалоо бир сыйрасы 1 га .300 сом; 10литр күйүүчү май.
3. Планировка 1га 300 сом; 10литр күйүүчү май.
4. Себүү (сеялка) эки сыйрасы 1га. 500 сом 15 литр күйүүчү май.
5. Арык тартуу узундугуна карабай 50 сом 5литр күйүүчү май.
6. Эгин чабык 1 га 1000сом 25 литр күйүүчү май.
7. Чөп чабык 1 га 1000 сом – 600 сом 10 литр күйүүчү май.
8. Чөп таңгактоо 5 сомдон 10 литр күйүүчү май.
9. Эгин тартуу – 300 сом 10 литр май
2. Бул токтомду жетекчиликке алып аткартуу жагы Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А. Осмоновго милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Курткаев |