Загрузка документа…
ОРТОК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 7-февралы № 1
«Орток айыл аймагынын 2017-2021-жылдардагы стратегиялык өнүгүү планын бекитүү жөнүндө»
Орток айыл аймагынын 2017-2021-жылдардагы стратегиялык өнүгүү планын жарандардын катышуусундагы талкуулоо боюнча 2017-жылдын 2- февралында өткөрүлгөн коомдук угуунун жыйынтыгын эске алып Орток айылдык Кеңешинин депутаттарынын V чакырылышындагы кезексиз 3 сессиясында талкууланып
Орток айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Орток айыл аймагынын 2017-2021-жылдардагы стратегиялык өнүгүү планынына 2017-жылдын 2- февралындагы өткөрүлгөн коомдук угуунун жыйынтыгынын негизинде Орток айыл аймагынын жарандарынын катышуусундагы талкуулоо боюнча 2017-2021-жылдардагы стратегиялык өнүгүү планы толуктоо катары киргизилсин;
2. Орток айыл аймагынын 2017-2021-жылдардагы стратегиялык өнүгүү планындагы коюлган иш-чараларды аткаруу жагы Орток айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүнүн жетекчилигине жүктөлсүн.
3. Орток айыл аймагынын 2017-2021-жылдардагы стратегиялык өнүгүү планынын аткарылышы ар жыл сайын жылдык отчеттордо белгиленип турсун.
Төрага | К.Мүсүров |