Загрузка документа…
ОРТОК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 7-февралы № 2
«Орток айыл аймагынын Кайынды айылында бала бакча ачуу жөнүндө»
Орток айыл аймагынын Кайынды айылында бала бакча ачуу үчүн Кайынды айылынын тургундарынын 2016-жылдагы 16-январындагы кайрылуусунун негизинде жана Орток айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 02.02.2017-жылдагы № 2 пр буйругунун карап Орток айылдык Кеңешинин депутаттарынын V чакырылышындагы кезексиз 3 сессиясында талкууланып
Орток айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
Кайынды айылына бала бакча ачып, жайгаштыруу үчүн Кайынды айылынын тургуну Мамбетисаев Жүрөрдүн макулдугунун негизинде ижара акы албастан жеке менчик турак жайына жайгаштырууга уруксат берилсин.
Менчик турак жайды бала бакчага ылайыкташтыруу, тиешелүү иш кагаздар менен камсыз кылуу тиешелүү органдарга сунуштарды берүү жагы Кайынды айылынын тургуну Н.Абдырахмановага тапшырылсын
Бул токтомдун тиешелүү ишкана мекемелерге билдирүү жагы Орток айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Кайынды айылынын айыл башчысы Осмонов А.З милдеттендирилсин.
Төрага | К. Мүсүров |