Загрузка документа…
ЧОӉ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 30-январы № 1
«Чоң-Дөбө айылынын тургуну К.Токоновдун кайрылуусун кароо жөнүндө»
Чоң-Дөбө айылдык Кеңешинин кезексиз сессиясы К.Токоновдун Чоң-Дөбө айылында «Чоң-Дөбө» өнүгүү жамаатын түзүү боюнча кайрылуусун угуп,талкуулап,депутаттардын Чоң-Дөбө айылдык Кеңеши
токтом кылат:
1.Чоң-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Чоң-Дөбө айылында долбоорлор менен аз камсыз болгон үй бүлөөлөрдү иш менен камсыз кылуу багытында жамаат түзүп,түзүлгөн жамаатык аты «Чоң-Дөбө» өнүгүү жамааты деп аталсын.
2.»Чоң-Дөбө» өнүгүү жамаатынын чогулушунун негизинде жамаатык жетекчилигине К.Токонов , катчылыгына Э.Шаршенбаева ,казначей М.Жолдошалиева шайлансын.
3.Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлсүн, Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы Чоң-Дөбө айыл аймагынын «Чоң-Дөбө» өнүгүү жамаатынын жетекчиси К.Токоновго тапшырылсын.
Төрага | Э.Сооронбаев |