Загрузка документа…
ЧОҢ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 23-январы № 1
“Чоң-Дөбө айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2015-жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жана 2017-жылдагы бюджеттин, 2018-2019-жылдын бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө”
Чоң-Дөбө айыл аймагынын 2015-жылдын бюджетинин аткарылышы жана 2017-жылдын бюджетин ,2018-2019-жылдын бюджетинин долбоорун бекитүүгө Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы экономикалык негиздери жөнүндөгү мыйзамына ылайык, Чоң-Дөбө айыл аймагынын айылдык Кеңеши
токтом кылат:
1.2016-жылдын бюджетинин киреше жана чыгашалар бөлүгүнө кошумча өзгөртүүлөрдү киргизүү менен 5543,5 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
2.2017-жылга Чоң-Дөбө айылынын жергиликтүү бюджетинин кирешелер жана чыгашалар болугу миң сом. мунун ичинен
Тендештирме грант-4609,4 миң сом.
Салыктар- 712,2 миң сом.
Жалпысы: 5321,6 миң сом.
3.Салыктын көлөмү 712,2 мин сом м.и. атайын каражаттын киреше бөлүгү 185,4 миң сом.
4.2018-жылдын бюджетинин долбоору 5441,2 мин сом. м.и. салык көлөмү 737,2 мин сом тендештирме грант 4704,0 мин сом. өлчөмүндө бекитилсин.
5.2019-жылдын бюджетинин долбоору 5686,1 мин сом.м.и.салыктын көлөмү 767,2 мин сом. тендештирме грант 4918,9 мин сом. олчомундо бекитилсин.
6.Кассалык оборот накталай 5,0 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
7. Чоң-Дөбө айыл аймагынын бюджетин эмгек акыга, электр энергияга, командировкалык акыга жана башка ар кандай чыгымдарга лимиттен ашпай иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
8.Бул токтом айыл Чоң-Дөбө өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, jumgal.kg.вебсайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
9.Бул токтомдун аткарылышын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Ж.Мамбеталиевага милдеттендирилсин.
10.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ширинбек уулу Аскербекке жүктөлсүн.
Төрага | Э.Сооронбаев |