Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 9-марты № 10
“Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Биримкуловдун өзүнүн менчигиндеги ХОНДА-ИНСПАЙР 07KG168ААС номерлүү автоунаасын кызматтык унаа катары пайдалануу жөнүндө”
Кара-Суу айыл өкмөтүнө караштуу кызматтык Волга газ 1029 бузук абалда болгондугуна байланыштуу, Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Биримкуловдун өзүнүн менчигиндеги ХОНДА-ИНСПАЙР 07KG168ААС номерлүү автоунаасын кызматтык унаа катары пайдалануусун талкуулап, Кара-Суу айылдык аймактык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл өкмөтүнө караштуу кызматтык Волга газ 1029, 1992-жылкы 0659 ТА номерлүү мамлекеттик автоунаа бузук абалда болгондугуна байланыштуу, Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Биримкуловдун өзүнүн менчигиндеги ХОНДА-ИНСПАЙР 07 KG 168 ААС номерлүү автоунаа кызматтык унаа катары пайдаланууга уруксат берилсин.
2. Автоунааны кызмат учурунда пайдаланып жатканда күйүүчү жана майлоочу майлары менен камсыз кылуу үчүн Кара-Суу айыл өкмөтүнүн бюджетинен акча каражаты бөлүнсүн.
3. Кабыл алынган токтомдун туура жана так аткарылышын көзөмөлдүктү жүргүзүүсү айылдык аймактык Кеңешинин «Айыл чарба экономикалык реформалардын жүрүшү жана бюджет» боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | Эсенкул уулу Памир |