Загрузка документа…
НАЙМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 7-июну № XXIX – 1
Айыл өкмөтүнүн жергиликтүү жамаатынын уставын бекитүү жөнүндө
Найман айыл өкмөтүндөгү жергиликтүү жамааттын уставын карап чыгып,талкуулап бекитүү максатында Найман айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Найман айыл өкмөтүнүн жергиликтүү жамааттын уставы,талкууланып бекитилсин.
2. Бекитилген устав Ош облустук жана шаардык Юстиция башкармалыгынан катталып,бекиттирүү жагы Найман айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомду көзөмөлдөө жагы Кеёештин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Ш.Эрматов |
| Ноокат районунун Найман айылдык Кенешинин кезектеги сессиясынынын 2016-жылдын 7-июнундагы №XXIX-1 токтому менен бекитилген
|
Кыргыз Республикасы, Ош облусу Ноокат районунун Найман айыл өкмөтүнүн
ЖЕРГИЛИКТүү ЖАМААТЫНЫН
АЙЫЛ МЫЙЗАМЫ (УСТАВЫ)
Биз, Найман айылдык Кенешинин аймагында жашаган граждандар,арабызда бузулгус биримдикти, ынтымакты, коомдук тартипти жана бейпилдикти орнотуу, айыл жергесинде турмуш-тиричилик шартын жакшыртуу, ар бир үй-бүлөнүн жана тургундун бакубат жашоосун камсыздоону коздоп, ушул өз алдынча башкаруу коомдоштугунун (айыл жамаатын) түзүү менен анын коомдук жашоосунун ыйык эрежелери аныкталган ушул Уставды айыл турмушунун негизги мыйзамы катары кабыл
Алдыга койгон ыйык милдеттерди турмушка ашыруу максатында биз эн оболу жалпы адамзатка тиешелүү ыймандуулуктун талаптарын, айылыбызда жашаган бардык улуттардын өкүлдөрүнүн каада-салттарын, асыл-наркатрын өзүнө камтыган Манас бабабыздын төмөндөгү жети осуятын ыйык тутуп, аларды бакубат турмушубузду курууда негизги курал жана каражатыбыз
катары колдонобуз.
1. Эл журттун ажырагыс бүтүндүгү жана бир жакадан баш, бир женден кол чыгарган биримдиги;
2. Улуттар аралык ынтымак, достук жана кызматташтак;
3. Улуттук ар-намыс жана атуулдук ариет;
4. Арыбас мээнет, алдынкы өнөр менен билим аркылуу бакубат дөөлөт;
5. Гуманизм, айкөлдүк, кечиримдүүлүк;
6. Табият менен татгуу мамиледе болуу;
7. Кыргыз мамлекетин чындоо жана аны көздүн карегиндей сактоо.
1. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР