Загрузка документа…
НАЙМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 26-июлу № XXXI – 1
Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүүбашкаруу органдарына берүү жөнүндө келишимди бекитип берүү тууралуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин Ноокат райондук мамлекеттик статистика бөлүмү тарабынан Найман айыл өкмөтү менен түзүлгөн келишимдин мазмуну менен таанышып жана талкуулап Найман айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү башкаруу органдарына берүү жөнүндөгү келишим бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Найман айылдык кеӊешинин экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүктү өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ш.Эрматов |
Найман айылдык кеёешинин 2016-ж. «__»___________№____ токтому менен бекитилди
Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүү жөнүндө
2016-ж. «___»__________
1. Келишимдин тараптары
Кыргыз Республикасынын Укуктук статистика комитетинин Ноокат райондук мамлекеттик статистика бөлүмүнүн атынан, мындан ары “мамлекеттик статистика органы” деп аталуучу Ноокат райондук мамлекеттик статистика бөлүмү жөнүндө Жобонун негизинде иштеген жетекчи Дуванаев Б.К биринчи тараптан жана Найман айыл өкмөтүнүн атынан, мындан ары “ өз алдынча башкаруунун аталуу органы” деп аталуучу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Жобонун негизинде иштеген башчы Шамаева Р.А экинчи тараптан Кыргыз Республикасынын Конститутциясын. “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү тартиби жөнүдө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен төмөнкүлөр туралуу ушул келишимди түзүштү.
2. Келишимдин шарттары
2.1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.12.2014-ж. №715 токтомуна ылайык Ноокат райондук мамлекеттик статистика бөлүмү Найман айыл өкмөтүндө статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча төмөнкү мамлекеттик ыйгарым укуктарды берет:
1) үстүбүздөгү жылдын түшүмү үчүн себүү жөнүндө;
2) жазгы талаа иштерин жүргүзүү жана тондурма айдоо тууралуу;
3) түшмдү жыйноо, күздүк себүү жана тондурма айдоо туралуу;
4) айыл чарба мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн жана жүзүмдү дүё жыйноо жөнүндө;
5) айыо чарба өсүмдүктөрдүн түшүмүн жыйноо жөнүндө;
6) дыйкан (ферме) чарбаларында жана жарандардын жеке көмөкчү чарбаларында мал чарбачылык продукцияларын өндүрүү жөнүндө;
7) тоюттарды өндүрүү жөнүндө;
8) дыйкан (фермер) чарбалары тарабынан айыл чарба продукцияларын сатуунун көлөмү жана баалары туралуу;