Загрузка документа…
НАЙМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 28-ноябры № XXXIV – 1
Найман айыл өкмөтүнүн башчысынын 2016-жылдын 9 айы ичинде аткарган иштерин баалоо жөнүндө
Найман айыл өкмөтүнүн башчысынын 2016-жылдын 9 айы ичинде аткарган иштери боюнча берген отчетун угуп жана талкуулап , Найман айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Найман айыл өкмөтүнүн башчысынын 2016-жылдын 9 айы ичинде аткарган иштери боюнча берген отчету канааттандырарлык деп табылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Найман айылдык Кеӊешинин жер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ш.Эрматов |
Найман айыл өкмөтүнүн башчысынын 2016-жыл ичинде аткарылган иштери жөнүндө
МААЛЫМАТЫ.
Урматтуу, Найман айылдык кенешинин депутаттары жана коноктор!
Кыргыз Республикасынын Президенти “2016-жыл Кыргыз Республикасында Тарых жана маданият деп жарыялоо жөнүндө” ПМЖ № 286 Жарлыгын ишке ашыруу максатында, Найман айыл өкмөтүндө 2016-жылдын 17-февралында № 8 буйрук иштелип чыгып, иш-чаралардын планы түзүлүп, бул багытта жумуштар аткарылды. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн 2016-жылдын 4-февралындагы “Тарых, маданий мурастарды колдоо жана туризмди өнүктүрүү жылы ” буйругун ишке ашыруу максатында Найман айыл өкмөтүндө 2016-жылдын 15-мартында № 14 буйрук жана иш-чаралардын планы иштелип чыгып, жумуштар аткарылды.Ошондой эле Ноокат районунда 2016- жылды « Тарыхый мурастар аркылуу улуттук маданиятты өнүктүрүү жана элдик педагогиканы жандандыруу жылы» деп жарыялоо жөнүндө 2016-жылдын 10-мартындагы № 53-б буйругун ишке ашыруу максатында Найман айыл өкмөтүндө 2016-жылдын 15-мартында № 13 буйругун жана иш-чаралардын планын иштеп чыгып, бул багытта жыл бою жумуштар аткарылды.
Найман айыл өкмөтүндө жалпы 2016-жылдын 9 айы ичинде 386 кожолукта 2025 адам катталган.
2016 –жылдын 9 айы ичинде жалпы киреше бөлүгүбүз 2312,2 сом акча каражатын түздү, ал эми республикадан келген трансферттер 4810,0 сом акча каражаты берилип, жалпы 7122,2 сом акча каражаты Найман айыл өкмөтүнүн бюджетин түздү.
Найман айыл өкмөтүнүн 2016-жылга киреше бөлүгүнүн аткарылышы төмөндөгүчө:
-киреше салыгы – план 612,0 мин сом берилсе, аткарылганы 755,3 мин сом
- патент салыгы – план 60,0 мин сом берилсе, аткарылганы 75,3 мин сом
- кыймылсыз мүлк салыгы – план 10,0 мин сом берилсе, аткарылганы 17,0 мин сом
- транспорт салыгы – план 80,0 мин сом берилсе, аткарылганы 110,1 мин сом
- жер салыктары – план 81,5 мин сом берилсе, аткарылганы 135,0 мин сом
- сатуудан алынуучу салыгы – план 28,0 мин сом берилсе, аткарылганы 17,5 мин сом
- роялти салыгы – план 25,0 мин сом берилсе, аткарылбады
- Кен байлыктарды казуу үчүн лицензия кармоо үчүн акы төлөө салыгы– план 115,0 мин сом берилсе, аткарылганы 114,8 мин сом