Редакцияот 12.03,2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 Жалпак-Таш айылдык Кеӊешинин VI чакырылыштагы кезектеги XII сессиясы

 

2018-жылдын 12-марты № 5

 Жалпак-Таш айылдык кеңешинин 2018-жылга карата иш-планын бекитүү жөнүндө

Жалпак-Таш айылдык кенешинин Регламенитинин 5-бөлүмүнө ылайык айылдык кенештин төрагасы Ш.Арыновдун сунуштаган 2018-жылга карата айылдык кеңештин иш-планын карап чыгып Жалпак-Таш айылдык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Жалпак-Таш айылдык кеңешинин 2018-жылга карата түзүлгөн иш-чаралар планы алымча кошумчасы менен №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Ушул токтомдун жана иш-чаралар планынын аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

 

 

Төраганын орун басары                                                                                                                                                                                                                                       Ш. Арынов

 

                                                                                                                                                                                                               Жалпак-Таш айылдык кенешиин 2018-жылдын

12-мартындагы №5 токтомуна №1-тиркеме

Жалпак-Таш айылдык кеңешинин 2018-жылга карата иш-планы

№

Иш чаралардын мазмуну

Аткаруу мөөнөтү

Аткарууга жооптуулар

1

Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысынын 2017-жылдагы аткарган иштеринин абалы жана жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн аткарылышын угуу

1-квартал

Бюджет,экономика боюнча туруктуу комиссиясы,айыл өкмөтү

2

Айыл өкмөтүнүн 2018-2020-жылдардагы социалдык экономикалык өнүгүүсүнүн иш-чаралар планын бекитүү

 

1-квартал

Айыл өкмөтү

3.

Айыл өкмөтүнүн 2018-2020-жылдардагы социалдык экономикалык өнүгүүсүнүн 2018-жыл үчүн милдеттери жана иш-чаралар планын бекитүү

 

1-квартал

Айыл өкмөтүнүн башчысы

4.

Жазгы талаа жумуштарын өз убагында сапаттуу уюштуруу жана турак-үй куруу үчүн жер тилкесине муктаж жарандардын маселелерин кароо

1-2-квартал

Айыл чарба,жер боюнча туруктуу комиссиясы

5

Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 6 ай ичинде аткарган жергиликтүү бюджетинин аткарылышын кароо

2-3 квартал

Бюджет,экономика боюнча туруктуу комиссиясы,айыл өкмөтү

6

Жарандардын кайрылууларына ылайык тейлөөлөр (жол ондоо,таза суу,таштанды чыгаруу,жакшыртуу жана жашылдандыруу, жарык менен камсыздандыруу ж.б.) боюнча депутаттык угууларды өткөрүү (депутаттык саат,депутаттык күн).

4 айда бир жолу

Туруктуу комиссиялардын торагалары

7

Өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу жана алдын алуу

1-2 квартал

Айыл чарба,жер боюнча туруктуу комиссиясы,айыл өкмөтү

8

Жалпак-Таш айыл өкмөтүндөгү кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин жана айыл чарба эмес жерлеринин пайдаланышы

2-квартал

Айыл чарба,жер боюнча туруктуу комиссиясы,айыл өкмөтү

9

Социалдык тармактагы мекемелердин жаңы окуу жылына жана кышка даярдыгы жөнүндө

2-3-квартал

Социалдык маселелр боюнча туруктуу комиссиясы

10

Аз камсыз болгон,жардамга муктаж үй-бүлөлөрдүн турмуш деңгээлин көтөрүү жана майыптарга,согуш ардагерлерине, тылда кызмат өтөгөндөргө жардам көрсөтүү

дайыма

Социалдык маселелр боюнча туруктуу комиссиясы

11

Депутаттардын шайлоочулар менен жолугушуусу (отчет)

Жылына кеминде бир жолу

Кенештин төрагасынын отун басары,депутаттар

12

Коомдук угууларды уюштуруу

4-квартал

Бюджет,экономика боюнча туруктуу комиссиясы,айыл өкмөтү

13

Айылдык кенешке келип түшкөн арыз,даттануу жана кайрылууларды кароо жана аларга анализ жүргүзүү

дайыма

Регламен жана мыйзам боюнча туруктуу комиссиясы

14

Жалпак-Таш айылдык кенешинин 2018-жылдагы кабыл аланган чечимдеринин аткарылышы жана алдыдагы милдеттер жөнүндө

3-4-квартал

Кенештин төрагасы, айыл өкмөтү

15

Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 9 ай ичинде аткарылган жергиликтүү бюджетин кароо

4-кваратал

Бюджет,экономика боюнча туруктуу комиссиясы,айыл өкмөтү

16

Кезексиз сессияларды уюштуруу

Зарылдыгына жараша

Кенештин төрагасы

 

Айылдык кенештин төрагасы:                                                                                                                                                                                                                        Ш.Арынов