Редакцияот 03.03.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 Мырза-Аке айылдык Кеӊешинин (VI чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз XIII сессиясы

 

2018-жылдын 3-марты № 129

Мырза-Аке айылынын тургуну Майрамкан Беделованын арызы жөнүндө

Мырза-Аке айылдык Кеӊешинин ( VI чакырылышынын) депутаттарынын кезектеги XIII сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жер кодексинин 18-статьясын жетекчиликке алып, айыл ,жер,суу чарба ,өнөр жай ,курулуш, транспорт,байланыш энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде Мырза-Аке айылдык Кеӊеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн тургуну Беделова Майрамкан Жөжөбаевнанын Мырза-Аке-Кара-Кулжа унаа жолунун оӊ тарабындагы 5-06-15-1001-3431 идентификациялык коддундагы жер аянты өнөр жай жана транспорт котегориясынын жер эсебинде тургандыктан, максаттык багытын турак жай багытына өзгөртүүгө уруксат берилсин.

2. Ушул менчик үйү Мырза-Аке айылынын башкы планында жок болгондуктан, райондук архитектурадан түзүлгөн менчик турак жайы үчүн чийилген чиймесин бекитүүгө уруксат берилсин.

3. Өзгөн райондук шаар курулуш жана архитектура башкармалыгы тарабынан тиешелүү иш-кагаздарын даярдап берүү суралсын.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеёештин төрагасынын орун басары Ж.Эргешовко милдеттендирилсин.

 

Төрага                                                                                                                                                                                                                                                                      А. Кимсанов