Редакцияот 03.03.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 Мырза-Аке айылдык Кеӊешинин (VI чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз XIII сессиясы

 

2018-жылдын 3-марты № 141

 

Мырза-Аке айылынын тургуну Мамытов Рысбайдын арызы жөнүндө

Мырза-Аке айылдык Кеёешинин ( VI чакырылышынын) депутаттарынын кезектеги XIII сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жер кодексинин 18-статьясын жетекчиликке алып, айыл ,жер,суу чарба ,өнөржай ,курулуш, транспорт,байланыш энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде Мырза-Аке айылдык Кеӊеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

1.    Мырза-Аке айылынын Кара-Шоро көчөсүнүн тургуну Мамытов Рысбайдын райондук архитектурадан түзүлгөн менчик турак жайы үчүн чийилген чиймесин бекитип берүүгө уруксат берилсин.

2.    Өзгөн райондук шаар курулуш жана архитектура башкармалыгы тарабынан тиешелүү иш-кагаздарын даярдап берүү суралсын.

3.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеӊештин төрагасынын орун басары Ж.Эргешовко милдеттендирилсин.

 

Төрага                                                                                                                                                                                                                                                                        А. Кимсанов