Редакцияот 11.11.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин V-чакырылышынын кезексиз тогузунчу сессиясы

 

2016-жылдын 11-ноябры № 5

Айлык акысын кароо жөнүндө

Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин төрагасы А.Н.Маматаиповко Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн тех кызматкерлеринин айлык маянасын көтөрүү жөнүндөгү арыздары боюнча баяндамасын угуп жана талкуулап Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги тогузунчу сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ :

1. Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн тех кызматкерлеринин айлык маянасы төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин:

-Эксковатордун айдоочусу Г.Чөжөбековко 2016-жылдын декабр айына чейин айлык маянасы 20,0 сом жана жардамчысы Ж.Мамаражаповко 15,0 сом каралсын.

-От жагуучу 2 тех кызматкерлерине ар бирине 7500 сомдон жалпы 15000 сом каралсын.

2. Токтомдун аткарылышыны көзөмөлгө алуу жагы айыл аймактык кеңештин бюджет, салык жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Төрага

А.Н. Маматаипов