Редакцияот 28.03.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЖЫЛАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жылалдык айылдык Кеӊешинин VI чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы

 

2018-жылдын 28-марты № 26

Жылалды айыл өкмөтүнө башчысы Р. Абдуллаевдин 2017-жылда аткарган иштеринин жана 2018-жылга карата милдеттери боюнча отчету жөнүндө

 Жылалды айылдык Кеӊешинин (VI шайланган) кезектеги VIII сессиясынын күн тартибиндеги Жылалды айыл өкмөтүнө башчысы Р. Абдуллаевдин 2017-жылда аткарган иштеринин жана 2018-жылга карата милдеттери боюнча маалыматын угуп жана талкуулап Жылалды айылдык Кеӊеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

1.  Жылалды айыл өкмөтүнө башчысы Р. Абдуллаевдин 2017-жылда аткарган иштеринин жана 2018-жылга карата милдеттери боюнча маалыматы канааттандырарлык деп табылсын.

2.  2018-жылга кабыл алынган милдеттер айыл башчыларга, мекеме-уюмдун жетекчилерине жеткирилип, толук аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р. Абдуллаевге милдеттендирилсин.

3.  Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеӊешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

М. Акназаров