Редакцияот 28.03.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖЫЛАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жылалды айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы

 

2018-жылдын 28-марты № 34

 Красный-Маяк айылына жаштарды колдоо максатында спорт зал курууга уруксат берүү жөнүндө

Жылалды айылдык Кенешинин (VI шайланган) кезектүү VIII сессиясынын күн тартибиндеги Красный-Маяк айылына жаштарды колдоо максатында спорт зал куруу үчүн 0,20га жер аянтына уруксат берүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Жылалды айылдык Кеӊеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Красный-Маяк айылына жаштарды колдоо максатында спорт зал куруу үчүн, А. Төрөгелдиев атындагы орто мектептин эски имаратынын 0,20га жерине спорт зал куруу жагы айыл өкмөтүнөн суралсын.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеӊешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

М. Акназаров