Редакцияот 13.03.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ош шаардык Кеӊешинин VI чакырылышынын кезектеги XII сессиясы

 

2018-жылдын 13-марты № 112

Ош шаарынын 2017-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетине киргизилген өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду бекитүү жөнүндө

Ош шаарынын мэриясынын 2018-жылдын 22-январындагы №41/08-13 «Ош шаарынын 2017-жылга бекитилген бюджетине киргизилген өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду бекитүү жөнүндөгү» катын карап жана талкуулап, «Кыргыз Республикасынын 2017-жылга Республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндөгү» мыйзамына ылайык жана Ош шаардык Кеӊешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2018-жылдын 29-январындагы отурумунун №2 токтомунун негизинде, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алуу менен Ош шаардык Кеӊеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Ош шаарынын 2017-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинин кирешелер бөлүгүнө киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Ош шаарынын 2017-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинин чыгашалар бөлүгүнө киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор №2 тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Б.Астанакулов) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеӊешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (А.Батыров) жүктөлсүн.

 

Төрага

 

Ж. Ормонов