Редакцияот 13.04.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕӉЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кеӊеш айыл аймагынын кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XI сессиясы

 

2018-жылдын 13-апрели № 11-7

 Кеңеш айыл аймагынын Шаңкол айылындагы жаңы конушка балдар бакчасын курууга жерин тактоо жөнүндө

Шаңкол айылына курулуучу балдар бакчасына жер ажыратып берүү тууралуу маселени угуп жана талкуулап талкуулап Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдыча башкаруу жөнүндөгү Мыйзамынын 4-бөлүмүнүн 31-беренесинин 2-пунктунун 5-пункутчасына ылайык Кеңеш айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

1.    Шаңкол айылындагы Дары-суу орто мектебинин батыш тарабындагы жаңы калктуу конуштан балдар бакчасын салууга ажыратылган жер такталып, муниципалдык менчикке алынсын жана тиешелүү иш кагаздарын бүтүрүү жагы айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адиси Ж.Маматалиевке жана айыл башчысы А.Жамгырчыевке милдеттендирилсин.

2.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл,суу чарба, жерге жайгаштыруу, экология, жаратылышты коргоо,транспорт, курулуш жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Нурматов Орозмаматка тапшырылсын.

 

Төрага                                                                                                                                                                                                                                                           Абдибает уулу М.