Редакцияот 22.02.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОӉ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Чоӊ-Алай айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги III сессиясы

 

2017-жылдын 22-февралы № 1

Чоӊ-Алай айыл өкмөтүнүн 2016-жылда калган калдыктарды 2017-жылдын бюджетине өткөрүү жөнүндө

Чоӊ-Алай айыл өкмөтүнүн ФЭБунун башчысы Т.Эсенбаевдин 2016-жылдан калган калдыктарды 2017-жылга өткөрүү жөнүндөгү сунушу боюнча долбоорун депутаттар карап талкуулап Чоӊ-Алай айылдык кеӊешинин 6-чакырылышынын депутаттарынын 3-сессиясынын кезектеги отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ

1.    Чоӊ-Алай айыл өкмөтүнүн 2016-жылдан калган 6565579 сом 55 тыйын 2017-жылдын бюджетине өткөрүлүп берилсин жана төмөнкүдөй болуп бөлүнүп жумшалсын

- аппаратка 6433624 сом 77 тыйын

- спец.аппаратка 50726 сом 78 тыйын

-спец.бала бакчаларга 81228 сом

2.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

Н. Маматназаров