Редакцияот 22.02.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОӉ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Чоӊ-Алай айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги III сессиясы

 

2017-жылдын 22-февралы № 2

Чоӊ-Алай айыл өкмөтүнүн 2017-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө

Чоӊ-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Жайчибеков Тайирбек Аскаровичтин жана ФЭБунун башчысы Т.Эсенбаевдин айыл өкмөттүн 2017-жылга карата бюджети боюнча долбоорлорун депутаттар карап чыгып талкуулап Чоӊ-Алай айылдык кеӊешинин 6-чакырылышынын депутаттарынын 3-сессиясынын кезектеги отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ

1.    Чоӊ-Алай айыл өкмөтүнүн 2017-жылга карата бюджетинин киреше бөлүгү 28570,6 сом, мындан сырткары 2016-жылдан калган калдык 6565579 сом 55 тыйын акча каражаты 2017-жылдын бюджетинин киреше бөлүгүнө кошулуп жалпы 35136179 сом болуп бекитилип бюджеттин чыгаша бөлүгүнө төмөнкүдүй бөлүнүп жумшалсын.

Чыгаша бөлүгү

- аппаратка 17731595 сом

- мектептерге 6968460 сом

-бала бакчаларга 9260624 сом

-китепканаларга 611000 сом

-клубтарга 564500 сом.

2.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына 

 

Төрага

 

Н. Маматназаров