Редакцияот 02.02.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Таш айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги II сессиясы

 

2017-жылдын 2-февралы № 7

Кара-Таш айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин бюджетин бекитүү жөнүндө

Кара-Таш айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы К. Шерматовдун маалыматын угуп жана талкуулап, Кара-Таш айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын кезектеги 2 чи сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ

1.  Кара-Таш айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2017-жылга бюджетин бекитип берүү жөнүндөгү маалыматы кабыл алынсын.

2.  2017-жылга карата жайыт комитетинин киреше бөлүгү 98494 миң сомго чыгаша бөлүгү 98494 миң сомго бекитилсин.

3.  Айыл өкмөтүнүн жайыт комитетине жайытка төлөнүүчү жайыт акыларын өндүрүүнү уюуштуруу жана жергиликтүү жана жайыт комитетинин бюджетин толтуруу жагы милдеттендирилсин.

4.  Элдин субай малдарын, жылкы, кой-эчкилерин алыскы Алайку жайлоосуна айдатууну колго алуу жагы айыл башчыларга жүктөлсүн жана алыскы жайыттарга малдарын айдабай эгин талааларын тепселеткен мал ээлерине административдик жаза кодексинин 185,196 беренелерине ылайык айыптарды төлөтүү жагы жайыт комитетине тапшырылсын.

5.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Боркошовго жүктөлсүн.

 

Төрага

Б. Максутов

 

                                                                                                                                                                                                                         02.02.2017-жыл №7 токтомго тиркеме № 1

 

 2017-жылга каралган Кара-Таш айыл окмотунун жайыт комитетинин бюджети

№

Чыгаша бөлүгү

Сан

Сом/м сом

Жалпы сумма

1

Жайыт комитетинин төрагасы

1

3,0

24,0

2

Эсепчи

 

 

 

3

Жалпы

 

 

24,0

4

Алыскы жайыттарга кароолчу

 

 

 

5

Транспорттук чыгыш

 

 

5,0

6

Жер салыгы

 

27183

27183

7

Социалдык чегерүү

 

4120

 

8

Командировка

 

 

5,0

9

Асосс салымы

 

 

5,0

10

Конц товар

 

 

4,0

11

Инфроструктурага

 

 

24191

12

 Жалпысы:

 

 

98494

 

02.02.2017-жыл №7  токтомго тиркеме № 2

 

2017-жылга жайыт акысынын киреше бөлүгү

№

Малдын түрлөрү

саны

Котору коэфценти

Шартуу мал баш

Жайыт билет акысы 1-шартуу башка

2017-жыл жалпы чегерилген сом

1

Саан уй жана субай мал

411

1

411

50

20550

2

Торпок

248

07

173,6

40

6944

3

Кой-эчки

3810

02

762

50

38100

4

Жылкы

658

1

658

50

32900

 

 Баары:

5127

 

2004,6

 

98494

 

 Кара-Таш айыл окмотунун жайыт комитетинин төрагасы                                                                                                                                                                К. Шерматов