ЖЫЛАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жылалды айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
2017-жылдын 1-марты № 9
Жылалды айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2017-жылга карата жайыт пайдалануу планын бекитүү жөнүндө
Жылалды айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз IV сессиясы «Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү» долбоорун колдоо максатында айылдык кеӊешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жылалды айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2017-жылга карата жайыт пайдалануу планы бекитилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеӊешинин айыл, жер ,суу чарба, өнөр-жай, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | М. Акназаров |