Редакцияот 23.07.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы

 

2015-жылдын 23-июлу № 84

Жаӊы-Турмуш айылындагы балдар бакчасын ачуу жана атын коюу жөнүндө

Кызыл-Кыштак айылдык кеӊешинин (бешинчи чакырылган) кезектеги XVI сессиясы күн тартибиндеги: Жаӊы-Турмуш айылындагы балдар бакчасын ачуу жана атын коюу жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ

1.    Кызыл-Кыштак айыл аймагынын Жаӊы-Турмуш айылындагы балдар бакчасына төрт тайпа менен ачууга уруксат берилсин.

2.    Кызыл-Кыштак айыл аймагынын Жаӊы-Турмуш айылындагы балдар бакчасы- «Күн балдары» балдар бакчасы деп аталсын.

3.    Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнөн тийиштүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы суралсын.

4.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеӊештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн. 

 

Төрага

 

Д. Сатвалдиев