Редакцияот 19.12.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы

 

2015-жылдын 19-декабры № 109

Кыргыз Республикасынын эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча аймактык бөлүмү тарабынан Кызыл-Кыштак айыл аймагынын 1-январь 2014-жылдын 1-январь 2015-жылга чейинки аралыктагы бюджеттик жана атайын каражаттардын түзүлүшү, анын аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн айдиттин жыйынтыгы боюнча, Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлеринин отурумунун  протоколунун негизинде 2015-жылдын 05-ноябрындагы № 306-1 кабыл алган буйругун бекитүү жөнүндө

Кызыл-Кыштак айылдык кеӊешинин (бешинчи чакырылган) кезексиз XVII сессиясынын күн тартибиндеги: Кыргыз Республикасынын эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча аймактык бөлүмү тарабынан Кызыл-Кыштак айыл аймагынын 1-январь 2014-жылдын 1-январь 2015-жылга чейинки аралыктагы бюджеттик жана атайын каражаттардын түзүлүшү, анын аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн айдиттин жыйынтыгы боюнча, Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлеринин отурумунун  протоколунун негизинде 2015-жылдын 05-ноябрындагы № 306-1 кабыл алган буйругун бекитүү жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ

1.    Кыргыз Республикасынын эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча аймактык бөлүмү тарабынан Кызыл-Кыштак айыл аймагынын 1-январь 2014-жылдын 1-январь 2015-жылга чейинки аралыктагы бюджеттик жана атайын каражаттардын түзүлүшү, анын аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн айдиттин жыйынтыгы боюнча, Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлеринин отурумунун  протоколунун негизинде 2015-жылдын 05-ноябрындагы № 306-1 кабыл алган буйругун бекитилсин.

2.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеӊештин финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

 

Д. Сатвалдиев