Редакцияот 03.03.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз сессиясы

 

2016-жылдын 3-марты № 121

Кара-Суу райондук прокуратурасынын 25.02.2016-жылдагы № 1-44-414-16 сандуу каршылык билдирүүсү (протести) жөнүндө

 Кызыл-Кыштак айылдык кенешинин (бешинчи шайланган) депутаттарынын кезексиз отуруму күн тартибиндеги: “Кара-Суу райондук прокуратурасынын 25.02.2016-жылдагы № 1-44-414-16 сандуу каршылык билдирүүсү (протести) жөнүндөгү” маселени карап чыгып, талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Кара-Суу райондук прокуратурасынын 25.02.2016-жылдагы № 1-44-414-16 сандуу каршылык билдирүүсүнүн (протестинин) негизинде Кызыл-Кыштак айылдык кеӊешинин 2013-жылдын 29-августундагы № 28-токтому жокко чыгарылсын.

2. Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнө, мурдагы “Төлөйкөн” участкалык оорукананын имаратын ижарага берүү сунушталсын жана ижара акысын жылына 12 000 сомдон кем эмес болбоосу, ошондой эле айыл өкмөтүнүн аз камсыз болгон жакыр үй-бүлөлөрүнөн 35 оорулуу бекер дарылануусу милдеттендирилсин.

3. Бул токтомду аткаруу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеёештин финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

Д. Сатвалдиев