Загрузка документа…
ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 26-февралы № 13
“Теплоключенка айылдык кеңешинин 2015-жылдын 25-декабрындагы №74 “Ак-Суу райондук мамлекеттик тарыхый аймак-таануу музей жайгашкан имаратты айыл өкмөтүнүн балансынан чыгарып, музейдин балансына өткөзүп берүү жөнүндө” токтомун жокко чыгаруу жөнүндө”
Ак-Суу райондук Кыдыр-Аке атындагы мамлекеттик тарыхый аймак-таануу музейинин жетекчиси М.Малабековдун кайрылуусун карап, талкууга алып, айылдык аймагынын айылдык кеңеши
токтом кылат:
1. Теплоключенка айылдык кеңешинин 2015-жылдын 25-декабрындагы № 74 “Ак-Суу райондук мамлекеттик тарыхый аймак-таануу музей жайгашкан имаратты айыл өкмөтүнүн балансасынан чыгарып, музейдин балансасына өткөзүп берүү жөнүндө” токтому жокко чыгарылсын.
2. Токтом Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча Мамлекеттик агенттигинин сайтына жайгаштырылсын, Мамлекеттик каттоо Реестр журналына катталсын жана юстиция органына Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышынына көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш.Кобонбаевге жүктөлсун.
Төрага | Э.А.Темиров
|