Загрузка документа…
ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-февралы № 15
“Теплоключенка айыл аймагынын Арашан жана Ак-Суу сууларынын жээгиндеги №2, 3, 7, 8, 9, 1261, 1262-контурларында жайгашкан 3.0га жайыт жерлерине чакан ГЭС жана деривациялык каналдарды куруу үчүн суу фондусунун жерлерине которууга макулдук берүү жөнүндө”
Теплоключенка айылдык кеңештин Муниципалдык менчик (жер, мүлк), айыл чарбасы (ЖКБФ, СПА), жаратылыш ресурстары, архитектура, курулуш жана экология маселелери боюнча туруктуу комиссиянын протоколунун жана жайыт комитетинин протоколунун негизинде айылдык аймагынын айылдык кеңеши
токтом кылат:
1. Теплоключенка айыл аймагынын Арашан жана Ак-Суу сууларынын жээгиндеги № 2, 3, 7, 8, 9, 1261, 1262-контурларында жайгашкан 3.0га жайыт жерлерине чакан ГЭС жана деривациялык каналдарды куруу үчүн суу фондусунун жерлерине которууга макулдук берилсин.
2. Теплоключенка айыл аймагынын ичүүчү суу тармактарына тоскоолдук келтирилбесин.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча Мамлекеттик агенттигинин сайтына жайгаштырылсын, Мамлекеттик каттоо Реестр журналына катталсын жана юстиция органына Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышынына көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш.Кобонбаевге жүктөлсун.
Төрага | Э.А.Темиров
|