Загрузка документа…
ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-февралы № 16
“Тянь-Шань Трэвел жоопкерчилиги чектелген коомуна чакан ГЭС жана деривациялык каналдарды куруу үчүн Теплоключенка айыл аймагынын Арашан жана Ак-Суу сууларынын жээгиндеги №2, 3, 7, 8, 9, 1261, 1262-контурларында жайгашкан 3.0га жайыт жерлерин берүү жөнүндө”
Теплоключенка айылдык кеңештин Муниципалдык менчик (жер, мүлк), айыл чарбасы (ЖКБФ, СПА), жаратылыш ресурстары, архитектура, курулуш жана экология маселелери боюнча туруктуу комиссиянын протоколунун жана жайыт комитетинин протоколунун негизинде айылдык аймагынын айылдык кеңеши
токтом кылат:
1. Тянь-Шань Трэвел жоопкерчилиги чектелген коомуна чакан ГЭС жана деривациялык каналдарды куруу үчүн Теплоключенка айыл аймагынын Арашан жана Ак-Суу сууларынын жээгиндеги № 2, 3, 7, 8, 9, 1261, 1262-контурларында жайгашкан 3.0га жайыт жерлери трансформациялангандан кийин берилсин.
2. Тянь-Шань Трэвел ЖЧКму милдеттендирилсин:
- куруу иштерин 2019-жылдын акырына чейин бүткөрүүгө, эгерде бул мөөнөттө куруу иштери бүткөрүлбөсө, бул жер багыты боюнча башка ишкер субъектилерге берилсин;
- жергиликтүү бюджетке салыктар тушурүлсүн же аталган жерге тиешелүү төлөмдөртүшурулсүн;
- соц.пакет белгиленсин: айыл аймактын аз камсыз үй-бүлөлөрүнө жардам көрсөтүлсүн.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча Мамлекеттик агенттигинин сайтына жайгаштырылсын, Мамлекеттик каттоо Реестр журналына катталсын жана юстиция органына Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышынына көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш.Кобонбаевге жүктөлсун.
Төрага | Э.А.Темиров
|