Редакцияот 26.12.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ош шаардык кеңешинин кезектеги VI сессиясы(IV чакырылыш)

2016-жылдын 26-декабры № 59

Жергиликтүү бюджеттен кошумча акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндө

Ош шаарынын мэриясынын, атуулдардын жана мекеме-уюмдардын жергиликтүү бюджеттен кошумча акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндөгү каттарын карап жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун 2016-жылдын 6-декабрындагы №14 жана 2016-жылдын 14-декабрындагы №16-токтомдорун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Ош шаарынын бюджетинен Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын имаратынын чатырын оңдоп-түзөөгө бөлүнгөн каражаттын эсебинен үнөмдөлгөн 300 миң сом акча каражатын Ош шаарынын мэриясынын 2016-жылдын аягына чейинки ар түрдүү иш-чараларын каржылоо үчүн бөлүп берүүгө макулдук берилсин.

2. Ош шаарынын мэриясынын жолдор башкармалыгынын жаңы Жобосунун негизинде түзүлүп жаткан жумушчу тобунун эмгек акысына ай сайын жергиликтүү бюджеттен төмөндөгүдөй үстөк акы белгиленсин:

-жумушчуларга 6875 сом.

-айдоочуларга 4625 сом.

3. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Давляев) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (А. Батыров) жүктөлсүн.

 

Төрага

Ж. Ормонов