Загрузка документа…
ЧАПАЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-февралы № 4
«Спартак-Суу» жана «Сармурза» ичүүчү сууну пайдалануучулардын айылдык коомдук бирикмелеринин ичүүчү суу үчүн бар карыздары жөнүндө»
«Спартак-Суу» жана «Сармурза» ичүүчү сууну пайдалануучулардын айылдык коомдук бирикмелеринин (ИСКАКБ) жетекчилеринин сүйлөгөн сөздөрүн угуп, ошондой эле депутаттардын жана кеңештин отурумунда катышкан жактардын пикирин угуп, Чапаев айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Спартак-Суу» ИСКАКБнин суммасы 472263 сом жана ИСКАКБнин «Сармурза» суммасы 15730 сом пайдаланган электроэнергия үчүн түзүлгөн карыздарына байланыштуу, электроэнергияны өчүрүүнү болтурбоосун жана ичүүчү сууну берүүнү токтотуусун алдын алуу максатында ИСКАКБдин алдында ичүүчү суу үчүн карыздары бар жарандарга, ал карыздарды төлөгөнгө чейин жашаган жеринен жана үй-бүлөсүнүн курамы жөнүндө маалымкатты берүүнү Чапаев айыл өкмөтү токтотсун.
2. Ушул токтомдун көчүрмөсү белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чуй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөттүн жоопту катчысына тапшырылсын.
4. Ушул токтомду көзөмөлдөө айыл өкмөттүн башчысы Ж.А.Байсульдаевге жүктөлсүн.
Төрага | Р. Алманиязов |