Загрузка документа…
ЧАПАЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-февралы № 6
«Чапаев айыл аймагы боюнча участкаларды белгилөө жана аларды айылдык кеңештин депутаттарынын аркасында бекитүү жөнүндө»
Айылдык кеңештин депутаттарынын сунуштарын карап чыгып, Чапаев айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдык кеңештин депутаттарынын аркасында бекитилген Чапаев айыл аймагы боюнча участкалары тиркемеге ылайык белгиленсин.
2. Ушул токтомдун көчүрмөсү белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чуй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Айылдык кеңештин депутаттары ушул токтом менен белгиленген участкаларда ишин уюштурсун.
4. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөттүн жоопту катчысына тапшырылсын.
5. Ушул токтомду көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасына жүктөлсүн.
Төрага | Р. Алманиязов |