Редакцияот 22.02.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МИЛЯНФАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2017-жылдын 22- февралы № 12/II -27

«Ири мүйүздүү малдарды идентификациялоо акысын бекитүү жөнүндө»

Милянфан айыл аймагынын участкалык ветеринардык дарыгери Ю.Нюсандын «Ири мүйүздүү малдарды идентификациялоо акысын: малдын ар бир башына – 20 сомдон бекитүү жөнүндө» маалыматын угуп жана талкуулап, Милянфан айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Бекитилсин: Ири мүйүздүү малдарды идентификациялоо акысы:

сом - ири мүйүздүү малдын ар бир башына.

Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Милянфан айыл аймагынын участкалык ветеринардык дарыгери Ю.Нюсанга жүктөлсүн.

 

Төрага

Вудунлар К.М.