Редакцияот 14.03.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КҮНТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VII чакырылышынын кезексиз II сессиясы

 

2018-жылдын 14-марты № 2/2

Бала-бакчаны ачуу боюнча

Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы Т.И.Корголдоевтин маалыматын угуп жана талкуулап Күнтуу айылдык Кеңешинин кезексиз II сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Күнтуу айыл аймагына караштуу Шалта айылындагы Доронбеков атындагы орто мектептин бир бөлүгүн толук кандуу он сааттык программа менен бала-бакча ачылсын;

2. Бала-бакчага тиешелүү баардык документтерди мыйзам чегинде даярдоо жагы, айыл өкмөттүн башчысына жүктөлсүн;

3. Бул токтом Kuntuu-aimak.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып  күчүнө кирет;

4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

 

Төрага

У.Астаркулов