Редакцияот 14.03.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КҮНТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VII чакырылышынын кезексиз II сессиясы

 

2018-жылдын 14-марты № 2/4

Күнтуу айыл аймагына караштуу муниципиалдык жерлерди тактоо боюнча

Күнтуу айылдык Кеңешинин кезексиз II сессиясы талкуулап чыгып

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Күнтуу айыл аймагына караштуу баардык муниципиалдык жерлер, карта жана документтер менен такталсын;

2. Муниципиалдык менчик жерге чыгып кеткен дача тургундарына эскертүү берилип, чек арадан чыкпоосу милдеттендирилсин;

3. Айыл ичиндеги жашоочулардын чек аралары такталып, муниципиалдык жерге чыкпоосу эскертилсин;

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн;

5. Бул токтом Kuntuu-aimak.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып  күчүнө кирет;

6. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

Төрага

У.Астаркулов