Редакцияот 05.03.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БОЛОТ МАМБЕТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VI-чакырылышынын X-сессиясы

 

2018-жылдын 05-марты № 15

 Жергиликтүү калктан ар кандай маалымдамалар үчүн төлөмдөрдү албоо жөнүндө

Жергиликтүү калктан ар кандай маалымдамалар (справкалар) үчүн төлөмдөрдү өндүрбөө жөнундөгү маселени карап талкуулап Болот Мамбетов айыл аймагынын айылдык Кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл аймакта жашаган жергиликтүү калктын ар кандай муктаждыктары үчүн берилүүчү маалымдамалар (справкалар) үчүн төлөмдөр алынбасын.

2. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жана көзөмөлдүк кылуу айыл өкмөтүнүн жоопту катчысы Р.Белековага милдеттендирилсин.

    

 

Төрага

Ж.Мамбетов