Редакцияот 28.02.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VII чакырылыштагы кезектеги ХI - сессиясы

 

 

2018-жылдын 28-февралы № 11/2

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин 2009 -жылдын 05 августундагы 10/6 жана 10/10 токтомдоруна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Көк-Жаңгак шаарынын мэриясынын № 1-12/115 16.02.2018-жылдагы кайрылуу катын Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттары карап талкуулап чыгып (VII чакырылыштагы кезектеги ХI - сессиясы)

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Көк-Жаңгак шаарынын Комсомольская көчөсүнүн №1 үйдөн №37 үйгө чейин Матназаров Мурзакарим наамы, №38 үйдөн №101 үйгө чейин Шерматов Тургумбай наамы ыйгарылсын.

2. Аталган көчөлөрдү ондоп түзөө жагы Матназаров Мурзакарим жана Шерматов Тургумбайдын үй-бүлөсүнө тапшырылсын.

3. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы Көк-Жаңгак шарынын мэри У.Исмаиловго жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Төрага

Б.Маткаримов