Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

КР Президентинин

2010-жылдын 27-сентябрындагы ПЖ № 204 Жарлыгына ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

2003-жылдын 7-августу ПЖ № 261

Кыргыз Республикасынын баңгизатка контролдук агенттигинин

Жобосун жана түзүмүн бекитүү жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын Президентинин

2006-жылдын 15-июлундагы ПЖ № 385 Жарлыгынын

редакциясына ылайык)

Мамлекеттик баңгизатка каршы саясатты жүзөгө ашыруунун чегинде жана Кыргыз Республикасынын баңгизатка контролдук агенттигинин ишин укуктук жана уюштуруу негиздерин түзүү максатында токтом кылам:

(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 15-июлундагы ПЖ № 385 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

1. Кыргыз Республикасынын баңгизатка контролдук агенттиги жөнүндө тиркелген Жобо жана анын түзүмү бекитилсин.

(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 15-июлундагы ПЖ № 385 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2003-жылдын 1-сентябрына чейинки мөөнөттө:

- Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ушул Жарлыктан келип чыккан тийиштүү түзөтүүлөрдү караган мыйзам долбоорун даярдасын жана Кыргыз Республнкасынын Жогорку Кеңешине киргизсин;

- өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

3. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын коргонуу жана коопсуздук иштери боюнча бөлүмгө жүктөлсүн.

4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

 

А. Акаев

 

 

 

Кыргыз Республикасанын  Президентинин 2003-жылдын 7-августундагы № 261 Жарлыгы менен бекитилген

 

Кыргыз Республикасынын баңгизатка контролдук агенттигинин

ТҮЗҮМҮ

(Кыргыз Республикасынын Президентинин

2006-жылдын 15-июлундагы ПЖ № 385 Жарлыгынын

редакциясына ылайык)

+---------------+

|    ДИРЕКТОР   |

+---------------+

|          |

+--------------------------------------------------------+

+------------+    +-------------+     +------------+      +----------+

|директордун |    |директордун  |     |директордун |      |кадрлар   |

|биринчи     |    |орунбасары   |     |орунбасары -|      |кызматы   |

|орунбасары  |    |             |     |түштүк      |      |          |

|            |    |             |     |башкарманын |      |          |

+------------+    +-------------+     +------------+      +----------+

+------------+    +-------------+     +------------+      +----------+

|штаб        |    |финансы-     |     |түштүк      |      |жеке      |

|(башкарманын|    |чарбалык     |     |башкарма    |      |коопсуздук|

|укуугунда)  |    |кызмат       |     |            |      |кызматы   |

+------------+    +-------------+     +------------+      +----------+

+------------+    +-------------+

|изин суутпай|    |мыйзамдуу    |

|издөө       |    |жүтүртүүнү   |

|бюросу      |    |контролдоо   |

|(башкарманын|    |кызматы      |

|укугунда)   |    |             |

+------------+    +-------------+

+------------+    +-------------+

|тергөө      |    |эксперттик-  |

|башкармасы  |    |криминалистик|

|            |    |кызмат       |

+------------+    +-------------+

+------------+    +-------------+

|оперативдүү |    |катчылык     |

|кызмат      |    |             |

|башкармасы  |    |             |

+------------+    +-------------+