Редакцияот 05.06.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕРБЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VII чакырылыштагы кезексиз ХV- сессиясы 

 

2018-жылдын 05-июну № 15/2

Көк-Жаңгак шаарынын мэри У.Исмаиловдун 01.05.2018-жылдагы №1-12/442 кайрылуу каты жөнүндө

Көк-Жаңгак шаарынын мэри У.Исмаиловдун 01.05.2018-жылдагы №1-12/442 кайрылуу катын Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттары карап, талкуулап чыгып (VII чакырылыштагы кезексиз ХV- сессиясы)

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Көк-Жаңгак шаарындагы Ленин көчөсүндө жайгашкан 400,0 кв.метр жер аянты автоунаа оңдоочу жай куруу үчүн аукцион аркылуу жеке менчикке сатууга берилсин.

2. Бул токтомду аткаруу жагы Көк-Жаңгак шаарынын мэри У.Исмаиловго жүктөлсүн.

3. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Көк-Жаңгак шаардык кеңештин экономика-өндүрүш, инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл-чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

4. Бул токтом расмий жарыялангандан күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Төрага

Б.Маткаримов